Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-октябрь
68.57    80.64    1.2    KZT 0.21
Нарын

«Жеңеке»: Нарындык эже-сиңди улуттук кийимдерди даңазалоо аракетинде (фото)

Turmush -  Нарын районунун Миң-Булак айылында кол өнөрчү менен устанын үй-бүлөсүндө туулган эже-сиңдилер — Мунара Расулова менен Анара Токтосунова улуттук кийимдерди даңазалоо аракетинде. Эже-сиңдинин ишмердүүлүгү менен Turmush басылмасынын кабарчысы таанышты.

Бир туугандар учурда Бишкек шаарындагы чакан өнөрканада эмгектенишет. Алар бала кезде апасы уз-чебер болсо, атасы устачылык менен алектенип, ээр, комуз чаап, жыгачтан түрдүү буюмдарды жасаган.

Бир туугандардын улуусу Мунара Расулова 1988-жылы Миң-Булак айылында туулган. 2006-жылы ошол эле айылда Актан Тыныбек атындагы орто мектебин аяктап, Жусуп Баласагын атындагы КУУнун филология факультетин бүтүргөн.

«Атам менен апам кесиби боюнча гидрометеоролог-радист, аба ырайын текшерген адистер. Ата-энем Долон ашуусундагы үйлөрдө аба ырайын текшерип иштеп, балалыгым Долон ашуусунда өттү. Ошондуктан чакан өнөрканабызды "Долон Стайл" деп атаганбыз. Учурда борбор калаада жашайм, 4 баланын энесимин. Ата-энеден көргөн тарбияны, кол өнөрчүлүктү улантып, айымдардын, мырзалардын улуттук кийимдерин тигүү менен алекпиз», - деди М.Расулова.

Анын сиңдиси, жумуштагы өнөктөшү — 26 жаштагы Анара Токтосунова мектепти аяктаган соң жогорку билим алган. Учурда 1 уул, 1 кыздын энеси.

Буга чейин эже-сиңдилер мектептерде кыргыз тили жана адабияты сабактарынан мугалим, соцпедагог болуп эмгектенген. Алар ар кыл таланты, ыр-бий жана сүрөт тартуу өнөрлөрү менен башкалардан айырмаланып турушат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4329
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×