h Turmush: Жеңеке: Айбийке айылынын келини Элмира жолдошу менен агенттен таанышкан (фото)

При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шаршемби, 29-март

Жеңеке: Айбийке айылынын келини Элмира жолдошу менен агенттен таанышкан (фото)

Turmush -  Лейлек районунун Айбийке айылынын келини 26 жаштагы Элмира Төрөкулова жолдошу менен социалдык тармактан (mail.ru) таанышкан. Аймактык кабарчы алардын жашоосу менен таанышып кайтты.

Анын өзүнүн айтымында, 32 жаштагы жолдошу Нурбай Базарбаев менен социалдык тармактан таанышкан.

«Алгач болочоктогу жолдошум менен 1 жылдай агенттен жазышып жүрдүк. Андан соң ал мага өзүнүн 1-топтогу майып экендигин айтты. Мен ишенген жокмун. Анткени агенттен жазганда жакшы, туура жазчу. 8-мартта мени Исфанага жолугушууга чакырды. Жолуктук. Турмуш курууну сунуштады мен макул болдум. Үй-бүлөм каршы болду. «Кантип чогу жашап кетесиңер» деп айткандар болду. Мен ал сөздөргө карабастан макул болуп баш каштук. 6 жылдан бери чогуу жашап жатабыз. Бүгүнкү күндө 3,5 жаштагы кызыбыз бар. Жолдошум бирдик салып, уюлдук телефон оңдоп иштейт. Бош убактым болуп калганда жардам берем. Жолдошумдун ата-энеси менен чогуу турабыз», - деди Төрөбаева.

Алар буга катар эле чакан мал чарбасы менен алектенишет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1944
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×