h Turmush: «Жеңеке»: Нарында караколдук Жазгүл жасаган ашлян-фунун кардарлары көбөйүүдө (фото)

При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шаршемби, 29-март

«Жеңеке»: Нарында караколдук Жазгүл жасаган ашлян-фунун кардарлары көбөйүүдө (фото)

Turmush -  «Жеңеке» долбоорунун кезектеги каарманы — 23 жаштагы Жазгүл Байболотова. Ал мындан 6 ай мурун Нарын жергесине келин болуп келген. Жазгүл Байболотова Караколдун ашлян-фусун Нарын жергесине жайылтууну пландап жатканын аймактык кабарчы менен болгон маегинде билдирди.

Жазгүл Каракол шаарында өскөн. Быйыл Бишкек шаарындагы жогорку окуу жайды аяктады. Жолдошу Дастан анын жашоодогу эң жакын адамы. Өзү Нарын шаарына биринчи жолу келгендиктен башка үй-бүлөнүн, башка жердин шартына жаңы аралашып жатат. Ал жолдошу менен сырдашып,үй-бүлөлүк маселелерди чогуу чечишет.

2016-жылдын март айында Нарын шаарынын борбордук базарынан ашкана ачып, Караколдун ашлян-фусун жасай баштады. Учурда туруктуу кардарларды табууга жетишти.

«Башында кардарлар жок, тамактар сатылбай жатты. Ал эми акыркы күндөрү кардарлардын көптүгүнөн биз бышырган тамак-аштар толугу менен сатылып, калбай калууда. Алгач бул ишке жолдошум каршы болот деп ойлогом. Учурда мага суу ташып жардамдашууда», - деди Жазгүл.

Жолдошу Жазгүл ашканада мыкты айым экенин кошумчалады.

«Үй тиричилигине, ишине дагы жетишет. Тамактын түрүн даамдуу жасайт. Биздин туугандар ал жасаган ашлян-фу менен пиццаны тамшанып жешет», - деди Дастан.

«Жеңеке»: Ак-Кочкордогу бөбөктөрдүн «апасы» аларга күн сайын гимнди ырдатат (фото)

«Жеңеке»: Токтогул ГЭСинин тарыхындагы биринчи жетекчи айым — М.Ботобаева кайын журтунун мыкты келини (фото)

«Жеңеке»: Казак кызы Г.Мергенбаеваны кайненеси менен кайнатасы аэропорттон гүл көтөрүп тосуп алган (фото)

«Жеңеке»: Пахта талаадагы махабат С.Керимбекованы Үч-Коргонго үлгүлүү келин кылган (фото)

«Жеңеке»: Атын өзгөртүп, ислам динин кабыл алган Екатерина кыргыз үй-бүлөнүн үлгүлүү келини (фото)

«Жеңеке»: Якут кызын келин кылган ак-суулук К.Өмүрканова дагы бир уулунун Якутиядан келин алып келишин каалайт (фото)

Жеңеке: Хакасиядан Кара-Сууга келин болуп келген Наталья жеңе менен маек

Жеңеке: Ысык-Көлгө келин болгон Ж.Борсокеева 45 миң сомдук шырдактарды жасайт (фото)

«Жеңеке»: Таласта биринчилерден болуп пицца жасап сатып, үйгө жеткирип берүү кызматын киргизген Р.Ойдокеева менен маек (фото)

«Жеңеке»: 20 жаштагы Айжан жолдошу менен цивилизациядан алыс аймакта жашаганы менен абдан бактылуу (фото)

«Жеңеке»: Жети-Өгүздүн Барскоон айылында жашаган Съездгүл Абылова даамдуу кымызы, аш жана сүмөлөгү менен таанымал (фото)

«Жеңеке»: Ысык-Көлдүн кызы А.Жумалиева ырлары аркылуу жолдошуна болгон таарынычын жана сүйүүсүн билдирет (фото)

«Жеңеке»: Ак-Суунун Кереге-Таш айылынын келини М.Бакирдинова жолдошу чет жерде иштесе да айылда жашап жатканы үчүн бактылуу (фото)

«Жеңеке»: Жалал-Абаддын келини А.Эдирова жасаган аш-лямфу менен палоону кайын журту тамшанып жешет (фото)

«Жеңеке»: Баткендик 2-топтогу майып К.Маматова тигүүчүлүк өнөрү менен алектенип, 1-топтогу күйөөсүн багат (фото)

«Жеңеке»: Ак-Суудагы шахтерлордун үй-бүлөсүнүн «шайыр келини» Д.Кененсарова айылда «динар даам» тамагы менен белгилүү (фото) 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2097
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×