Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Нарын

16 жаштагы Эламан Түркиядан 2 көзүнө операция жасатып келүү үчүн материалдык жардамга муктаж (фото)

Turmush -  Жумгал районундагы Чаек айылынын 2000-жылы туулган тургуну Эламан Дуулат уулу 2 көзүнөн жабыркап келет. Бул тууралуу анын апасы Кайырбүбү Нуралиева билдирди.

Анын айтымында, Эламандын бутуна да шишик пайда болуп, Бишкек шаарындагы Эне жана баланы коргоо боюнча улуттук борборго алып келишкен. Бирок ал оорукана кабыл албай, Улуттук госпиталга жаткырылды.

Учурда Эламан дарыгерлердин көзөмөлүндө. Ал эми эки көзүнө Түркиядан акысыз операция жасоо мүмкүнчүлүгү түзүлүп, донор жана барып-келүүгө керектелүүчү каражат табыла элек.

Эламан ревматизмге чалдыгып, 6 жашында 2 көзү көрбөй калган. Эламандын үй-бүлөсү кайрымдуу адамдардан Түркиядан операция жасатып келүүгө керектелүүчү каражатты топтоо үчүн жардам сурайт.

- Алуучу: Нуралиева Кайырбубу Адыбаевна;

- Банктагы эсеби: № 1290283480000089;

- Байланыш телефону: 0700021672, 0778530896.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1002
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×