Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-январь
Жалал-Абад облусуСузак району 28.04.2016 11:59

Өлкө аймагында 2952 үй-бүлө эскертмелерге көңүл бурбай, кооптуу аймактарда жашап жатат, - ӨКМ

Turmush -  Сузак районунун Кызыл-Туу айыл аймагында 1994-жылдан тарта 2015-жылга чейин кооптуу аймакта жашап жаткан 76 үй-бүлөнү көчүрүү боюнча ӨКМдин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын жана өзгөчө кырдаалдарды божомолдоо жана мониторинг департаментинин адистери тарабынан ушул жылдын февраль, март жана апрель айларында жергиликтүү бийликтерге 18 жолу эскертүү берилген.

Анда жарандарды кооптуу аймактардан тез арада чыгарып кетүү милдеттендирилген. Жашоочулардын көпчүлүгү көчүрүлгөн, деп билдирди ӨКМ.

ӨКМдин адистери республиканын аймактарындагы жер көчкү кооптуулугунда жашап жаткан 4016 үй-бүлө бар экенин аныктап, анын ичинен 1064 үй-бүлө коопсуз жайларга чыгарылган. Ал эми дагы 2952 үй-бүлө эскертмелерге көңүл бурбай, кооптуу аймактарда өз өмүрлөрүн тобокелге салып жашап жатышат, дейт министрлик.

Сузак районундагы Кызыл-Туу айыл аймагындагы Алмалуу-Булак айылынын Үч-Чат жайлоосунда кечээ, 27-апрелде саат 17:30 чамасында көлөмү болжол менен 100 миң метр куб жер көчкү түшкөн. Ал 1 үйдү басып калган.

Саат 18:00 чамасында ошол эле айылдын Башы тилкесинде 1,600 миң метр куб жер көчкү түшүп, 6 турак жайды басып калган. Көчкүнүн алдында 2 окуучу калып, алардын бирин жергиликтүү тургундар куткарып калышкан.

Жер көчкүнүн алдында калган 2000-жылы туулган Урматбек уулу Эрлан апасы Гүлжамал Салибаева Россияда иштеп жүргөндүктөн жездесинин үйүндө жашап жаткан. Көчкүнүн алдында калган окуучу изделип жатат, деп билдирди бүгүн, 28-апрелде ӨКМ.

Жергиликтүүлөр куткарып калган 9-класстын окуучусу Мирбек Айталиевдин айтымында, көчкү жүргөн учурда Эрлан менен бирге мал кайтарып жүрүшкөн. Мирбек Turmush басылмасынын кабарчысына көчкү тууралуу айтып берди.

Мирбек

А 1


Б 1

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×