Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 28.04.2016 11:41

Жети-Өгүздө 120 орундуу бала бакча ачылат (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Жети-Өгүз айылында 8-май күнү бала бакча ачылат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга бала бакчанын жетекчиси Акжолтой Абдырашытова билдирди.

Абдырашытованын айтымында, бала бакчага 120 бала кабыл алынды. Учурда 22 киши эмгектенүүдө.

Айыл өкмөт башчысы Дайырбек Асановдун айтымында, бала бакчаны реконструкциялоого 2,5 млн сом бөлүнгөн. «Мурдагы мектепти реконструкциялап, бала бакча кылдык. Ага "Ысык-Көлдү өнүктүрүү" фонду каражат бөлдү», - деди ал.

Бул бала бакча 6 айылдан келген жеткинчектерди тарбиялайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×