При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июль
68.3    79.59    1.15    KZT 0.21

Жеңеке: Жети-Өгүздө жолдошунан ажыраган Г.Талыпова 90 жаштагы кайнатасын жалгыз багып, эл алкышына арзып келет (фото)

Turmush -  «Жеңеке» долбоору аркылуу Turmush басылмасы Кыргызстандын алыскы жана жакынкы аймактарындагы аялзатынын үй-бүлөсүнө, балдарына, туугандарына болгон камкордугу тууралуу баяндап, алардын турмуштун түйшүгүнө баш ийбеген эркин даңазалоону көздөйт.

«Жеңеке» долбоорунун кезектеги каарманы — Жети-Өгүз районунун келини, 49 жаштагы Гүлсара Талыпова.

Ал 8 жыл мурун жолдошунан ажыраганы менен куттуу очогун бузбай, келин болуп барган үйүндө турмушун улантып, 90 жаштагы кайнатасын жалгыз бой багып келет.

Мен Жети-Өгүз районунун Дархан айылында туулуп, 1993-жылы Жети-Өгүз айылына келин болуп келдим, деди ал Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы менен болгон маегинде. Анын айтымында, жолдошунун кеңешине макул болуп, жогорку билим алууга умтулган эмес.

Жолдошу Нурбек экөө 3 балалуу болуп, ал 2008-жылы кырсыктан улам каза тапкан. Ошондон тартып 3 баласы менен кайнатасын кабагым-кашым дебей карап, бир үй-бүлөнүн турмушун улап келе жатат. Анын бул аракетин айыл аксакалдары алкоого алып, батасын берет.

Кайнатасы Иманалы Байтемиров Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери. Ардагер беш убак намаз окуп, жараткандан келин, неберелеринин амандыгын тилейт.

«Мени кабагым-кашым дебей жаркылдап караган келиниме ыраазымын. Ушулардын өмүрүн, амандыгын тилейм. Мага кызымдай мамиле жасайт, мен да аны өз кызымдай көрөм», - деди И.Байтемиров.

Ардагер неберелеринин комузда ойногонун угуп эс алганды жактырат. Мындан улам неберели да атага бул мүмкүнчүлүктү аябай, бошой калганда түрдүү күүлөрдү чертип берет.

«Мен атамдын (кайнатасы) Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери болгондугу менен сыймыктанам. Балдарымды да чоң атасындай мекенчил болууга үндөп, тарбиялайм», - деди Г.Талыпова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1971
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу