Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-январь
Жалал-Абад облусуСузак району 28.04.2016 09:52

Дарыгерлер жер көчкү жүргөн Алмалуу-Булак айылындагы элге жардам көрсөтүүдө

Turmush -  Жер көчкү жүргөн Сузак районунун Алмалуу-Булак айылындагы жергиликтүү элге жардам көрсөтүү максатында сузактык жана жалал-абаддык медиктердин 2 бригадасы жерине барып иш жүргүзүп жатат. Бул тууралуу Жалал-Абад облусунун саламаттыкты сактоо координатору Маматжан Миянов билдирди.

Анын айтымында, жер көчкүгө күбө болгон айылдыктар психологиялык терс таасир алып калышат, анын кесепеттери ден соолукка таасир берет. Ошондуктан аларга медиктердин жардамы зарыл. Ал жакка Сузак районунан жана Жалал-Абад шаарынан беш медициналык персоналдан турган 2 тез жардам бригадасы жөнөтүлгөн. Андан тышкары 50дөн ашык медицина кызматкерлери эл арасында иш жүргүзүп жатат.

«Азыр биздин медициналык кызматкерлерибиз жеринде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери менен бирдикте иштеп жатат. ӨКМдин 150дөй кызматкери коркунуч күтүлүүчү жерлерге мониторинг жасап жатат. Биз жергиликтүү калкка колдон келген медициналык жардамдарды беребиз», - деди Миянов.

27-апрелде саат 17:50 чамасында Сузак районундагы Алмалуу-Булак айылында жер көчкү жүрүп, бир окуучуну басып калды. Ал эми 24-апрелде ошол эле Алмалуу-Булак айылындагы Үч-Чат тилкесинде көлөмү 1 млн 200 миң кубометр жер көчкү жүрүп, 73 турак үйгө коркунуч жараткан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×