Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-январь
69.34    85.18    1.23    KZT 0.21
Жалал-Абад

Айыл турмушу: Аксылык А.Акматов мушташта жеңген «дакан» короздорун 20 миң сомго чейин сатат (фото)

Turmush -  Аксы районунун Капчыгай айылынын 32 жаштагы тургуну Аман Акматов «дакан» породасындагы короздорду мушташтарга тарбиялайт.

А.Акматов Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде билдиргендей, ал «дакан» породасындагы короздорду бакканына 5 жыл болду.

Ал кичине кезинен «дакан» породасындагы корозго кызыккандыктан Өзбекстандан атайын анын жөжөлөрүн сатып келип чоңойткон. Эми аларды мушташтарга үйрөтүүдө.

«Жыл сайын «дакан» тоокторду базардан сатып алам. Жаш «дакан» короздорду чоңойтуп, аларды мушташууга тарбиялайм. Мыкты мушташкан короздорду кымбат баада сатып жиберем. Кайра жазда жөжөлөрдү сатып алам. Быйыл «дакан» тооктордун санын көбөйтүүнү пландап жатам. Бир «дакан» тоок базарда 1000 сомдон 2000 миң сомго чейин сатылат. Ал эми «дакан» короздор 2 миң сомдон 4-5 миң сомго чейин бааланат. Учурда «дакан» тоокторду асырап карап жатам», - дейт ал.

А.Акматов белгилегендей, «дакан» тооктор өзгөчө кароону талап кылат. Алар башка тооктордон айырмаланып адамга жакын болот.

«Мен короздорго өгөчө көңүл бурам. Алар үйдөн айланып, алыска кетпейт. Маал-маалы менен жем берип, ачка калтырбаш керек. Эгер жем берилбесе же ченемден аз берилсе короздор мушташа албай калат. Такыр көңүл бурбасаң өлүп калат», - деди А.Акматов.

Учурда үйдө эрте жазда 2 миң сомго жөжө кезинде алынган «дакан» короз бар. Ал учурда короздор менен уруштурууга тарбияланууда.

«Үйрөткөндө алгач жөнөкөй короздор менен мушташтырып баштайбыз. Убакыттын өтүшү менен короз жакшы уруша баштаганда ортого акча коюп, атайын дакан короздор менен мушташтырабыз. Эгер корозго аздан эт берип турса жакшы урушат. Ортого көп суммадагы акча коюлгандан кийин корозго эт берип бага баштайбыз. Атайын даярдагандан кийин гана мушташка алып чыгабыз», - дейт ал.

Ал жыл сайын алып келген короздорун сатып алууга ашыккандар көп. Эгер короздорду 3 жылга чейин бакса 20 миң сомдон жогору сатса болорун белгиледи.

А.Акматов үй-бүлөлүү, 3 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 5742
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×