Бөлүмдөр
Жекшемби, 8-декабрь
Ош облусуӨзгөн району 21.04.2016 15:01

А.Бекиев Өзгөндөгү Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүн убактылуу башкарат

Turmush -  Ош облусунун Өзгөн районундагы Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы Эрнис Толтоев Ош шаардык кеңешине депутат болуп шайланганына байланыштуу, аталган кызматтын убактылуу милдетин аткаруучу болуп Бекиев Абдылда Сулайманович дайындалды.

Тиешелүү буйрукка Өзгөн районунун акими кол койду. Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы жакынкы күндөрү айылдык кеңештин депутаттары тарабынан шайланат.

А.Бекиев буга чейин айыл өкмөт башчысынын орун басары болуп иштеп келген.

Эрнис Толтоев 27-мартта Ош шаардык кеңешин шайлоодо КСДП партиясынын тизмесинен депутаттыкка өткөн. Ал 2013-жылы 27 жашында Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланып, Кыргызстандагы эң жаш айыл өкмөт башчы болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×