Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Ош облусу, Ош 18.04.2016 15:54

Өзгөн шаарында грэпплинг боюнча биринчилик өттү (фото)

Turmush -  Кечээ, 17-апрелде Өзгөн шаарында грэпплинг боюнча шаар биринчилиги өттү. Мелдешке Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларынан келген спортчулар да катышты.

Мэрия маалымдагандай, мелдешке Өзгөн шаарынын мэри Саипжон Пратов, шаардык кеңештин депутаты Розивой Купахунов жана Бишкек, Ош, Өзгөн шаарларындагы спорт комитетинин төрөгалары күбө болду.

Биринчилик үчүн мелдештерге өспүрүмдөр жана чоңдор арасында 40 кг салмактан 95 кг салмак даражасына чейинки жалпы 108 спортчу түштү.

Жыйынтыгында 1-орунда командалык эсеп менен Өзгөн шаарындагы «Амур-Темур» спорт клубунун спортчулары, 2-орунду Ош шаарынын «Баатыр» спорт клубу, 3-орунду Жалал-Абад облусунун «Фумавунт» спорт клубунун спортчулары ээледи. Жеңүүчүлөргө шаар мэри С.Пратов менен Р.Купахунов медаль, грамоталарды тапшырды. Ошондой эле алдыңкы спортчулардын машыктыруучулары сыйланды.

16

15

14

13

12

11

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×