Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Баракелде, Бишкек 18.04.2016 15:05

Дүйнөнү велосипед менен кыдыра баштаган Нодар Беридзе Кыргызстанга келди

Turmush -  «Спорт тынчтык үчүн» урааны менен өтө турчу велотурдун башчысы, дүйнөнү велосипед менен түрө кыдыра баштаган Нодар Беридзе Кыргызстанга келди. Анын Кыргызстанга келиши жөн жерден эмес. Дүйнөлүк велотурдун штабы (кеңсеси) Кыргызстанда болмокчу, жана Нодар Беридзенин мындан кийинки бүт веложүрүшү Кыргызстан негиздеген сайтка чыгып турмакчы. Бул тууралуу иш-чаранын өкүлдөрү: велотурдун негиздөөчүсү Кеңешбек уулу Муратбек, велотурдун координатору А.Султанбаеова жана Нодар Беридзе бүгүн, 18-апрелде АКИpress маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйында билдиришти.

Бул жүрүштө Нодар Беридзе дүйнөнүн 50 өлкөсүн кыдырып чыгууну пландоодо.

Кыргызстанга келгенге чейин ал Иран, Ирак, Түркмөнстан, Тажикстан, Казакстанды кыдырып келген. Кыргызстанга чейинки жүрүштөр эксперименталдык деп эсептелинет.

Расмий түрдө велотур 9-май күнү Владивостокто башталып, сапарын Лиссабонго улайт. Велотур Азиянын көпчүлүк өлкөлөрүндө жана Африкада өтөт. Сапардын соңу 2018-жылдын 26-майында Тбилиси шаарында орун алат. Тбилиси шаарында өтө турчу жүрүшкө Кыргызстандан да катыша алышат. Ал үчүн каалоочулар арыз түрүндө билдирүү жөнөтүүлөрү керек. Эң кызыктуу нерсе Нодар Беридзе велотурга кие турчу кийиминде Кыргызстандын желеги чегерилип чыкмакчы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×