Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-январь

При поддержке MegaCom

«Жеңеке»: Токтогул ГЭСинин тарыхындагы биринчи жетекчи айым — М.Ботобаева кайын журтунун мыкты келини (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарынын 51 жаштагы тургуну Марина Ботобаева 24 жылдан бери энергетика тармагында үзүрлүү эмгектенип келет.

М.Ботобаева Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде билдиргендей, ал 1965-жылы Аксы районунун Жаңы-Жол айылында төрөлгөн. 1982-жылы Кызыл-Туу орто мектебин ийгиликтүү аяктап, ошол мектептин интернатында эмгек жолун баштаган.

1990-жылы Россиянын Томск шаарындагы политехникалык институттун энергетика факультетин аяктап, Кара-Көл шаарындагы «Достук» заводуна инженер-конструктор болуп жумушка кирген. 1992-жылдан тарта Күрп-Сай ГЭСинин оперативдик тобунда башкы тосмонун кезметтеги башкаруучусу болуп иштеген.

Жумушунан улам жогорулап, оперативдик топтун жетекчисине чейин жеткен. 2001-жылы оперативдик диспетчердик топко каскаддын кезмет башчысы болгон. 2007-2009-жылдары оперативдик диспетчердик топтун жетекчиси болуп дайындалган. Учурда Токтогул Каскаддар ГЭСинин кезметтик бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенүүдө.

«Эртең менен саат 6:45тен кечки саат 16:00гө чейин жумушта болом. Кезметтеги кызматкерлердин документтерин, аткарган жумуштарын көзөмөлдөйм. Убактысы менен техникалык окуу өткөрөм. 6 ГЭСтин жабдыктары оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөндүгүн көзөмөлдөйм. Бош убактымда үйдөгү чарба иштер менен алектенем. 68 сотых жерге кулпунай өстүрүп, дыйканчылык кылабыз», - деди М.Ботобаева.

Ал Токтогул Каскаддар ГЭСинин, Энергетика министрлигинин Ардак грамоталарына татыган. Жолдошу Аскарбек Жуманов менен эки уул, бир кызды тарбиялап, чоңойтушту.

«Марина экөөбүз бирге түтүн булатып жашап жаткандыгыбызга 24 жыл болду. Марина тамашакөй, биздин үй-бүлөдө 5 келиндин эң улуусу. Кайын журт менен катташуусу жакшы. Менден биринчи кайнилерине, абысындарына жакшылык кылып, колдон келишинче сыйлап турат», - дейт жолдошу А.Жуманов.

М.Ботобаеванын айтымында, ал жаңы келип болуп келгенде кайнатасы менен кайненеси өз кызындай кабыл алышкан.

«Мен келин болуп келгенден тарта ушул күнгө чейин кайын журт менен жакшы мамиледе болуп келем. Анткени кайненем менен кайнатам балдарын жакшы тарбиялаган экен. Бары ынтымактуу, бири-бирине күйүмдүү. Мени дагы өз кызындай эле кабыл алышты», - дейт ал.

Ал Токтогул Каскаддар ГЭСинде эгемендикти алган жылдан берки тарыхта жана оперативдик диспетчердик топтун тарыхында биринчи жетекчи аял болуп 2007-жылдан 2009-жылга чейин эмгектенген.

М.Ботобаева жолдошу экөө былтыр Кыргызстандын кооз жерлерин кыдырып, эс алып келишкен. «Быйыл дагы өлкөнүн кооз жерлерин кыдырып, эс алууну пландап жатабыз», - деп кошумчалады ал.

«Жеңеке»: Казак кызы Г.Мергенбаеваны кайненеси менен кайнатасы аэропорттон гүл көтөрүп тосуп алган (фото)

«Жеңеке»: Пахта талаадагы махабат С.Керимбекованы Үч-Коргонго үлгүлүү келин кылган (фото)

«Жеңеке»: Атын өзгөртүп, ислам динин кабыл алган Екатерина кыргыз үй-бүлөнүн үлгүлүү келини (фото)

«Жеңеке»: Якут кызын келин кылган ак-суулук К.Өмүрканова дагы бир уулунун Якутиядан келин алып келишин каалайт (фото)

Жеңеке: Хакасиядан Кара-Сууга келин болуп келген Наталья жеңе менен маек

Жеңеке: Ысык-Көлгө келин болгон Ж.Борсокеева 45 миң сомдук шырдактарды жасайт (фото)

«Жеңеке»: Таласта биринчилерден болуп пицца жасап сатып, үйгө жеткирип берүү кызматын киргизген Р.Ойдокеева менен маек (фото)

«Жеңеке»: 20 жаштагы Айжан жолдошу менен цивилизациядан алыс аймакта жашаганы менен абдан бактылуу (фото)

«Жеңеке»: Жети-Өгүздүн Барскоон айылында жашаган Съездгүл Абылова даамдуу кымызы, аш жана сүмөлөгү менен таанымал (фото)

«Жеңеке»: Ысык-Көлдүн кызы А.Жумалиева ырлары аркылуу жолдошуна болгон таарынычын жана сүйүүсүн билдирет (фото)

«Жеңеке»: Ак-Суунун Кереге-Таш айылынын келини М.Бакирдинова жолдошу чет жерде иштесе да айылда жашап жатканы үчүн бактылуу (фото)

«Жеңеке»: Жалал-Абаддын келини А.Эдирова жасаган аш-лямфу менен палоону кайын журту тамшанып жешет (фото)

«Жеңеке»: Баткендик 2-топтогу майып К.Маматова тигүүчүлүк өнөрү менен алектенип, 1-топтогу күйөөсүн багат (фото)

«Жеңеке»: Ак-Суудагы шахтерлордун үй-бүлөсүнүн «шайыр келини» Д.Кененсарова айылда «динар даам» тамагы менен белгилүү (фото) 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2477
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Эң кызыктуу