Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-январь

При поддержке MegaCom

«Жеңеке»: 5 тилде эркин сүйлөгөн татар кызы З.Гайфулина Жети-Өгүздүн үлгүлүү келини (фото)

Turmush -  Кыргызга келин болгон татар кызы Замира Гайфулина 5 тилде эркин сүйлөп, айылдагы үлгүлүү келиндердин катарын толуктайт.

Жети-Өгүз районундагы Жети-Өгүз айылынын келини Замира Гайфулина 1983-жылы Тамга айылында төрөлүп, ушул айылда өскөн. Мектепти бүтүргөндөн кийин К.Тыныстанов атындагы мамлекеттик университеттин чет тилдер факультетин аяктаган.

Эмгек жолун Каракол шаарындагы 14 кесиптик лицейде мугалим болуп баштаганын Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде айтты. Андан кийин Д.Иманов атындагы мектепте чет тил сабагынан мугалим болуп иштеп, 2013-2014-жылдары Түркия мамлекетинде котормочу болуп эмгектенди. Учурда айылдагы бала бакчада тарбиячы болуп эмгектенүүдө.

Өз ишине так элеттик айым бала бакчадагы улуу тайпаны жетектейт. Ата-энелер менен тыгыз иштешип, спорттук көнүгүүлөрдү да бирге аткарышат.

Айылдаштарынын айтымында, айылга чет элдик меймандар, демөөрчүлөр келген учурда кыргыз, орус, татар, түрк жана англис тилдеринде эркин сүйлөгөн Замиранын өзгөчө жардамы тиет.

Ошондой эле ал каада-салтка өзгөчө маани берип, билгендерин келечек муундарга үйрөтүүгө аракеттенет. Аны кайын журту менен катары айылдаштары да терең сыйлайт.

Учурда бир уул, бир кыздын сүйүктүү апасы.

Замиранын уул-кызы

33

«Жеңеке»: Казак кызы Г.Мергенбаеваны кайненеси менен кайнатасы аэропорттон гүл көтөрүп тосуп алган (фото)

«Жеңеке»: Пахта талаадагы махабат С.Керимбекованы Үч-Коргонго үлгүлүү келин кылган (фото)

«Жеңеке»: Атын өзгөртүп, ислам динин кабыл алган Екатерина кыргыз үй-бүлөнүн үлгүлүү келини (фото)

«Жеңеке»: Якут кызын келин кылган ак-суулук К.Өмүрканова дагы бир уулунун Якутиядан келин алып келишин каалайт (фото)

Жеңеке: Хакасиядан Кара-Сууга келин болуп келген Наталья жеңе менен маек

Жеңеке: Ысык-Көлгө келин болгон Ж.Борсокеева 45 миң сомдук шырдактарды жасайт (фото)

«Жеңеке»: Таласта биринчилерден болуп пицца жасап сатып, үйгө жеткирип берүү кызматын киргизген Р.Ойдокеева менен маек (фото)

«Жеңеке»: 20 жаштагы Айжан жолдошу менен цивилизациядан алыс аймакта жашаганы менен абдан бактылуу (фото)

«Жеңеке»: Жети-Өгүздүн Барскоон айылында жашаган Съездгүл Абылова даамдуу кымызы, аш жана сүмөлөгү менен таанымал (фото)

«Жеңеке»: Ысык-Көлдүн кызы А.Жумалиева ырлары аркылуу жолдошуна болгон таарынычын жана сүйүүсүн билдирет (фото)

«Жеңеке»: Ак-Суунун Кереге-Таш айылынын келини М.Бакирдинова жолдошу чет жерде иштесе да айылда жашап жатканы үчүн бактылуу (фото)

«Жеңеке»: Жалал-Абаддын келини А.Эдирова жасаган аш-лямфу менен палоону кайын журту тамшанып жешет (фото)

«Жеңеке»: Баткендик 2-топтогу майып К.Маматова тигүүчүлүк өнөрү менен алектенип, 1-топтогу күйөөсүн багат (фото)

«Жеңеке»: Ак-Суудагы шахтерлордун үй-бүлөсүнүн «шайыр келини» Д.Кененсарова айылда «динар даам» тамагы менен белгилүү (фото)

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3369
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Эң кызыктуу
Учурда окулуп жатат