Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 16.04.2016 15:01

Жети-Өгүздөгү бала бакчанын тарбиячылары ата-энелери менен спорттук мелдешке түштү (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз айылындагы бала бакчада кечээ, 15-апрелде «Атам, апам жана мен» спорттук мелдеши өттү. Мелдешке күбө болгон Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, ата-энелер менен алардын балдарынан түзүлгөн «Жаркын» жана «Жибек» тайпалары 20 көнүгүү аткарышты. Алардын жөндөмдүүлүгү калыстар тобу тарабынан бааланды.

Көнүгүүлөрдөн сырткары катышуучулар улуттук бийлерди аткарып, үй-бүлөсү менен хор ырдашты. Соңунда жеңүүчүлөргө баалуу белектер тапшырылды.

Иш-чаранын максаты — бөбөктөрдү спортко үндөп, Мекенди сүйүүгө үйрөтүү. Учурда аталган бала бакчадагы 130 балага 22 кызматкер тарбия берүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×