При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жума, 26-май
67.94    75.99    1.21    KZT 0.22

«Жеңеке»: Казак кызы Г.Мергенбаеваны кайненеси менен кайнатасы аэропорттон гүл көтөрүп тосуп алган (фото)

Turmush -  «Жеңеке» долбоорунун кезектеги каарманы — казак кызы Гульнафис Мергенбаева. Жолдошу Улан Жалиев экөө чогуу түтүн булатып жашап келе жатканына 26 жылдын жүзү болду. Ал аралыкта экөө бир уул, бир кызды тарбиялады.

Жалиевдердин үй-бүлөсүн сүрөтчүлүк өнөр тааныштырып, учурда балдары да ушул тармак менен алектенет.

Жеңекебиз кыргыз үй-бүлөсүнө кантип келин болгону тууралуу аймактык кабарчы менен болгон маегинде айтып берди.

«Жолдошум экөөбүз Алма-Ата шаарында окуп жүргөндө таанышканбыз. Экөөбүз бир тайпада окудук. Сүрөткө кызыкканымдан ошол тармакта билим алууну чечкем. Жолдошум экөөбүз алгач дос болуп жүрүп, достугубуз сүйүүгө айланды. 1990-жылы ал мага үйлөнүү сунушун киргизген. Менин көзүмчө Оштогу ата-энесине коңгуроо кылып, “мен үйлөнүп алдым" деди. Мен таң калуу менен эмне калп айтып жатасың десем, “чындыкты айтсам ата-энем каршы болот. Алыстан үйлөнбөй эле кой деши мүмкүн. Үйлөнүп алдым десем айла жоктон макул болушат” деди. Ошентип атабыз (кайнатасы) учак менен дүйүм тамактарды, жашылча-жемиштерди көтөрүп Алма-Атага келген. Аны улуу эжемдин үйүндө коноктодук.

Мен үйдүн кенжеси болгондуктан чечимди эжемдер, жездемдер чыгарчу. Атабыз Кыргызстандагы белгилүү сүрөтчүлөрдүн бири Баатыр Жалиев. Алма-Атадагы белгилүү сүрөтчү Салихадин Айтбаев экөө дос экен. Конокко кайнатам С.Айтбаев менен барган.

Жездем “С.Айтбаев келсе бербей турган кыз бар бекен" деп дароо макул болушкан. Ошол эле күнү тойду сүйлөшүп, мени салт боюнча алып кетүүнү чечишти. Бирок биздин той белгиленген убакта Ош окуясы болуп, Кыргызстандан жолдошумдун туугандары тойго катышпай калды.

Жайкы эс алуу учурунда биз Ошко келдик. Кайненем менен кайнатам бизди гүл көтөрүп тосуп алышкан», - деди кыргыз келини Гульнафис жеңе.

1

Сүрөтчүлөрдүн үй-бөлүсүнө келин болгон казак кызы алгачкы күндөрү эч кандай кыйынчылыктар болбогонун айтат. Казак-кыргыз элинин тили, маданияты окшош болгондуктан бат эле көнүп кеттим, деди ал.

«Менин боюм жолдошумдун боюнан узун. Ошко алгач келгенде өзбек кездемесинен тигилген көйнөк беришти. Боюм узун болгондуктан ал мага кыска келип калган. Кайненемдер казактар бизге караганда кыска киет экен деп ойлошкон экен. Көйнөк кыска болуп жатканын айтсам күлүп, кайра жаңы көйнөк алып беришкен.

Эс алуу аяктагандан кийин кайрадан Алма-Атага окууга кеттик. Ал жылы акыркы курстун студенттерибиз. Ал жакка барсак менден “кыргыздар кандай экен?” деп сурашты. Мен казак менен кыргыздын жашоосу окшош экенин айттым. Ал жылы окуубузду аяктап, Ошко биротоло келдик. Биз барыбыз сүрөт айдыңында болгондуктан бири-бирибизди бат түшүнүп, ынак жашадык», - деди ал.

4

Учурда уулу жогорку окуу жайлардын биринде архитектура кесибин окуп жатса, кызы сүрөт тармагында билим алууда.

Жолдошу Улан Жалилов 1993-жылдан бери, өзү 2007-жылдан тарта сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү.

Гульнафис айым сүрөтчүлүк өнөрүн студенттерге, мектеп окуучуларына да үйрөтүүдө. Анын айрым живопистик эмгектери Оштогу сүрөтчүлөр кошуунунун бөлүмүнө да жайгаштырылган. Ошондой эле Казакстанда өткөн бир нече көргөзмөлөргө катышты.

«Кыргыз-казак бир тууган эл. Эки улуттун ортосунда кыз алуу, кыз берүү илгертеден берки салт. Сүйүү – бул улутка же алыстыкка баш ийбейт. Эгер ал адам менен өмүрүңдү бактылуу өткөрө аларыңа көзүң жетсе, башка улут деп чанууга болбойт. Мени сезимдерим албадаптыр. Кыргызга турмушка чыгып, үй-бүлөмдү бекемдеп, карьерамды өнүктүрүп келе жатам», - деди Г.Мергенбаев.

3

4

13

14

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3219
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×