h Turmush: «Жеңеке»: Атын өзгөртүп, ислам динин кабыл алган Екатерина кыргыз үй-бүлөнүн үлгүлүү келини (фото)

При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шаршемби, 29-март

«Жеңеке»: Атын өзгөртүп, ислам динин кабыл алган Екатерина кыргыз үй-бүлөнүн үлгүлүү келини (фото)

Turmush -  «Жеңеке» долбоору аркылуу Turmush басылмасы Кыргызстандын алыскы жана жакынкы аймактарындагы аялзатынын үй-бүлөсүнө, балдарына, туугандарына болгон камкордугу тууралуу баяндап, алардын турмуштун түйшүгүнө баш ийбеген эркин даңазалоону көздөйт.

«Жеңеке» долбоорунун бүгүнкү каарманы — орус кызы Екатерина Халикова. Жолдошу Саидислам Халиков экөө мындан 10 жыл мурун таанышып, баш кошушкан. Жаш үй-бүлө 4 баланы тарбиялап, өздөрүнүн мамлекетин түптөдү. Сейит мырза орус кызына үйлөнсө, өзүнүн бир тууган эже-карындаштары казак жана өзбек улутунун үй-бүлөсүнө келин болуп барышкан.

Ар улуттун өкүлдөрүнөн куралган үй-бүлөгө Екатерина жеңе кантип келин болуп келгенин аймактык кабарчы менен болгон маегинде айтып берди. Бул бактылуу үй-бүлө учурда Ош шаарында жашайт.

- Екатерина жеңе, маегибиздин башында жолдошуңуз менен кайдан, кантип таанышканыңызды айтып берсеңиз.

- 2006-жылдын январь айында курбум Ош шаарындагы кафелердин биринде администратор болуп иштеп жаткан. Кафеге курбума жолукканы барып калсам, ал «дос балдарым, сен да таанышып дос болуп кал» деп тааныштырган. Ошентип таанышып, кийин дос катары сүйлөшүп жүрүп, мамилебиз сүйүүгө айланды. Кыргыз досторум бар болгону менен кыргыз жигитке турмушка чыгам деп ойлогон эмесмин. Биз жолуккан учурда эле жолдошум намаз окучу. Ал экөөбүз сейилдөөгө чыкканда кыргыздын салты, ислам дини тууралуу маалыматтарды берчү. Экөөбүз 2006-жылы 26-августта баш коштук.

- Бизде кызга калың берүү салты бар. Сизге да калың берилдиби?

- Ооба, кайын журтум калыңды апама тартуу кылышкан. Бирок, апам «мен төшөктөрүн тигип бере албайм. Ошол акчага өзүңөр эле даярдап бергиле» деди. Апамдын өтүнүчү менен кайын журтум бизге керектүү буюм-тайымдардын барын алып беришти.

Биздин туугандар кызга сеп катары эмнелер бериле турганын билишпейт. Андыктан туура эле чечим болду деп ойлойм. Тоюбузда жолдошум экөөбүздүн досторубуз чакырылып, заманбап той болгон. Чакан той барыбызга жакты.

Екатерина менен Саидисламдын балдары

А 8

- Ислам динин качан кабыл алдыңыз?

- Нике кыюу учурунда молдо менден «ислам динин кабыл аласыңбы?» деп сурады. Мен кабыл алаарымды дароо айттым. Ошентип динди кабыл алып, жоолук салынганыма 4 жылдын жүзү болуп калды. Мусулман адамдын бирөөгө зыяны тийбейт. Ислам таза дин экенин билдим. Мусулман аял болгондон кийин, жоолук салынып, намаз окуш керек. Кайненем айтууга оңой болсун деп мага Камила деген ысым ыйгарды. Ошондуктан, мен кыргыз эли үчүн Камиламын.

- Жаңы келин болуп келген учурда кандай окуяларга туш болдуңуз?

- Кыргызда конок абдан көп келет. Келин көргөнү келгендер көп болду. Мен аларга кыргыз келиндеринен эч кандай айырмам жок экенин көрсөтүү үчүн колумдан келишинче жүгүрүп кызмат кылдым. Келин көргөнү келген коноктор ыраазы болуп кетип жатышты.

Түштөнүүгө жана кечинде тамак жасайм. Эртең менен эрте ойгонуп, эшиктин алдын шыпырам. Мурункудай түшкө чейин же каалаганча уктай албайсың. Мен өзүм ошто өскөм. Мындай салттарды укканым менен жасап көргөн эмесмин. Келин болгондо барын жасап, үйрөнгөнгө туура келди. Камыр жууруганды да үйрөндүм. Биздин үй-бүлөдө көп адам жашайбыз, кир жууш да менин милдетим. Үй жумуштарынын бары менин колума өттү.

Кайненем барын башынан өзү үйрөттү. Аны өз апамдай көрөм. Өмүрү көрбөгөн адамды апа деп атап, ынак мамиле курууну үйрөндүм. Жай жана күз мезгилдеринде кышкыга салаттарды даярдайбыз.

Келин болуп келгениме 10 жылдын жүзү болуптур. Кыргыздын каада-салттарынын барын жакшы өздөштүрүп калдым. Учурда жолдошум экөөбүз 3 уул, 1 кызды тарбиялап жатабыз.

Камила жеңе конок тосууну жакшы көрөрүн кошумчалады. Мектешүү учурунда да кыргыздын нукура сөздөрүн жакшы биле турганын көрсөттү.

«Жеңеке»: Якут кызын келин кылган ак-суулук К.Өмүрканова дагы бир уулунун Якутиядан келин алып келишин каалайт (фото)

Жеңеке: Хакасиядан Кара-Сууга келин болуп келген Наталья жеңе менен маек

Жеңеке: Ысык-Көлгө келин болгон Ж.Борсокеева 45 миң сомдук шырдактарды жасайт (фото)

«Жеңеке»: Таласта биринчилерден болуп пицца жасап сатып, үйгө жеткирип берүү кызматын киргизген Р.Ойдокеева менен маек (фото)

«Жеңеке»: 20 жаштагы Айжан жолдошу менен цивилизациядан алыс аймакта жашаганы менен абдан бактылуу (фото)

«Жеңеке»: Жети-Өгүздүн Барскоон айылында жашаган Съездгүл Абылова даамдуу кымызы, аш жана сүмөлөгү менен таанымал (фото)

«Жеңеке»: Ысык-Көлдүн кызы А.Жумалиева ырлары аркылуу жолдошуна болгон таарынычын жана сүйүүсүн билдирет (фото)

«Жеңеке»: Ак-Суунун Кереге-Таш айылынын келини М.Бакирдинова жолдошу чет жерде иштесе да айылда жашап жатканы үчүн бактылуу (фото)

«Жеңеке»: Жалал-Абаддын келини А.Эдирова жасаган аш-лямфу менен палоону кайын журту тамшанып жешет (фото)

«Жеңеке»: Баткендик 2-топтогу майып К.Маматова тигүүчүлүк өнөрү менен алектенип, 1-топтогу күйөөсүн багат (фото)

«Жеңеке»: Ак-Суудагы шахтерлордун үй-бүлөсүнүн «шайыр келини» Д.Кененсарова айылда «динар даам» тамагы менен белгилүү (фото)

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4757
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×