Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 11.04.2016 12:32

Түптүн жашоочусу В.Путинге кайрылып, Россия Өкмөтүн сотко бере тургандыгын билдирди (видео)

Turmush -  Түптүн тургуну Владимир Изюмов бүгүн, 11-апрелде нааразычылык акциясына чыгып, Россиянын президенти Владимир Путинден социалдык калыстыкты орнотууну суранууда, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Изюмовдун айтымында, ал 3-топтогу майып жана ага эч кандай жардам берилбейт.

«Мен 1999-жылдан бери «облитерирующий эндометриит» илдети менен ооруйм. 2006-жылы Кыргызстанда 2-топтогу майып деген макам берилген. 2008-жылы Россиянын жарандыгын алгам. Алгач 2-топтогу майып экенимди тастыкташкан. Кийин арыз жаза баштаганда 3-топко которуп салышты. 2009-жылы Новосибирскте медициналык жардам сурагам. Бирок жардам беришкен жок. Кайра алар сабап салышты. Учурда бир таблетка да жардам албайм. Путинден социалдык теңдикти орнотуп бериүүнү суранам», - деди ал.

Ал буга катар эле медициналык тармакта тиешелүү чараларды көрбөгөндүгү үчүн Россиянын Өкмөтүн сотко бергиси келе тургандыгын кошумчалады.

Изюмов учурда Түп айылында жашап жатканын, оорусунан кыйналып, Россиянын Бишкек шаарындагы элчилигине бара албай жаткандыгын кошумчалады.

Видео:

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×