Turmush — «Жеңеке» долбоорунун кезектеги каарманы — Якутиянын Ытык-Көл районундагы Карбалак айылында төрөлүп, Ысык-Көлдүн Ак-Суу районундагы Каракол айылына келин болгон Уранаева Алёна Петровна.
Алёна Уранаева учурда 33 жашта. Жолдошу Эмил Асаналиев менен 2010-жылы Якутияда таанышкан. 1981-жылы туулган Э.Асаналиев жумуш издеп Якутияга барып, Алёнага үйлөнүп кайткан. Учурда жубайлар 2 кыздын ата-энеси.
«Биз 4 бир тууганбыз. Атам — Петр Петрович Уранаев, энем Дарья Иннокентьевна 1949-жылы туулган. Алар мен 2 жашымда эле каза болуп калышкан экен. Бир тууганым Михаил Якутск шаарында жашап, иштейт. Эмил менен дос кызым Яна аркылуу тааныштым. Яна дагы Эмилдин айылдашы Алтынбек Атагуловго турмушка чыккан. Эмилди сүйүп, Кыргызстанга келдим. Андан да мага чоң бакыт тартуулаган энем (кайненеси) болду. Анын абдан түшүнүктүү жана мээримдүү экенин билгенде абдан сүйүндүм. Мени өгөйлөбөй, өз кызындай эле кабыл алды. Ытык-Көлдөн кереметтүү Ысык-Көл жергесине келип жашап калдым», - деди А.Уранаева.
Эмилдин апасы Күлбүбү Өмүрканова мыкты келинге туш болгону үчүн сүйүнөт.
«Алёна келин болуп келгенден тартып мага өз кызымдай жакын болду. Неберем Аэлина 8 жашта, Айталина 3,5 жашта. Якутск шаарынан якут тил факультетин бүткөн жогорку билимдүү келиним келгенден кийин кыргыз тилин бат эле өздөштүрдү. Орус тили менен үч тилди бирдей билет. Кудай буюрса абийирдүү келинге жолуктум. Уулдарымдын бири Эдилбек да Якутияда иштейт. Ал дагы Алёнкадай бир кызга жолукса гана», - деди тамашакөй К.Өмүрканова.