Бөлүмдөр
Жума, 20-январь

При поддержке MegaCom

«Жеңеке»: Якут кызын келин кылган ак-суулук К.Өмүрканова дагы бир уулунун Якутиядан келин алып келишин каалайт (фото)

Turmush -  «Жеңеке» долбоору аркылуу Turmush басылмасы Кыргызстандын алыскы жана жакынкы аймактарындагы аялзатынын үй-бүлөсүнө, балдарына, туугандарына болгон камкордугу тууралуу баяндап, алардын турмуштун түйшүгүнө баш ийбеген эркин даңазалоону көздөйт.

«Жеңеке» долбоорунун кезектеги каарманы — Якутиянын Ытык-Көл районундагы Карбалак айылында төрөлүп, Ысык-Көлдүн Ак-Суу районундагы Каракол айылына келин болгон Уранаева Алена Петровна.

Алена Уранаева учурда 30 жашта. Жолдошу Эмил Асаналиев менен 2010-жылы Якутияда таанышкан. 1981-жылы туулган Э.Асаналиев жумуш издеп Якутияга барып, Алена аттуу Якут кызына үйлөнүп кайткан. Учурда бул жубайлар 2 кыздын ата-энеси.

«Биз 4 бир тууганбыз. Атам Петр Петрович Уранаев, энем Дарья Иннокентьевна 1949-жылы туулган. Алар мен 2 жашымда каза болгон. Бир тууганым Михаил Якутск шаарында жашап, иштейт. Мен Эмилди дос кызым Яна аркылуу таптым. Яна 2 жыл мурун Эмилдин айылдашы Алтынбек Атагулов аттуу жигитке турмушка чыккан. Эмилди сүйүп, Кыргызстанга келдим. Андан да мага чоң бакыт тартуулаган — энем (кайненеси) болду. Ал абдан түшүнүктүү жана мээримдүү. Ытык-Көлдөн кереметтүү Ысык-Көл жергесине келип жашап калдым», - деди А.Уранаева.

Эмилдин апасы Күлбүбү Өмүрканова мыкты келинге туш болгону үчүн сүйүнөт.

«Алена келин болуп келгенден тартып мага өз кызымдай жакын болду. Неберем Аэлина 6 жашта, Айталина 1,5 жашта. Якутск шаарынан якут тил факультетин бүткөн жогорку билимдүү келиним келин болуп келгенден кийин кыргыз тилин бат эле өздөштүрдү. Орус тили менен үч тилди бирдей билет. Кудай буюрса абийирдүү келинге жолуктум. Уулдарымдын бири Эдилбек да Якутияда иштейт. Ал дагы Аленкадай бир кызга жолукса гана», - деди тамашакөй К.Өмүрканова.

А.Уранаева, жолдошу Э.Асаналиев кыздары менен

3

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2101
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Эң кызыктуу