Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Баракелде, Бишкек 09.04.2016 12:10

Бишкекте окуучулар арасында футбол боюнча спартакиада өтөт

Turmush -  Ушул жылдын 11-апрелинен 15-апрелге чейин «Дордой» спорттук комплексинде балдар арасында футбол боюнча окуучулардын шаардык спартакиадасы өтөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Мелдешке ар бир райондон экиден команда, 8 кыздар командасы, 8 балдар командасы болуп, бардыгы 136 окуучу катышат.

Аталган спартакиада окуучулар арасында футболду өнүктүрүү жана Бишкек курама командасын түзүү үчүн күчтүү спортчуларды аныктоо максатында өткөрүлөт.

Жеңүүчүлөр Бишкек шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин диплом, медаль, кубок жана баалуу белектери менен сыйланышат.

Мелдештин программасы:

А тобу:

Биринчи май району 1 - №69 МГ, Ленин 2 - №31, Свердлов 1 - №5 жана Октябрь 1 №3.

11 – апрель, I тур; 11:00 №69 - №5,12:30 №31 - №3.

12 – апрель, II тур; 11:00 №3 - №69, 12:30 №5 - №31.

13 – апрель, III тур; 11:00 №69 - №31, 12:30 №5 - №3.

14-апрель 11:00 A1 – B2, 12:30 B1 – A2.

В тобу: Биринчи май району 2 - №29, Ленин 1 - №40, Свердлов 2 - №10 жана Октябрь 2 - №56.

11 – апрель, I тур;11:00 №29 - №10, 12:30 №40 - №56.

12 – апрель, II тур;11:00 №40  - №10,12:30 №56 - №29.

13 – апрель, III тур;11:00 №10- №56,12:30 №29 - №40.

14 – апрель, 11:00 3-орунга мелдешет, 12:30 Финал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×