Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Баткен облусу, Кызыл-Кыя 08.04.2016 16:01

Кызыл-Кыяда жеңил атлетика боюнча өткөн мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды (фото)

Turmush -  Кызыл-Кыя шаарында жеңил атлетика боюнча өткөн мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

Жарыш 7-апрель — Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнө карата өткөрүлүп, ага улуу муундун өкүлдөрү жана мектеп окуучулары катышты.

Мелдештин жыйынтыгы боюнча улуу муундун өкүлдөрү арасынан М.Абдурахманов, Н.Сайпидинов жана Н.Өмүрзаковдор байгелүү орундарга ээ болушту.
Алар акчалай сыйлык жана дипломдор менен сыйланды.

Окуучулар арасынан 1-орунду №7 мектептин жана «Себат» лицейинин окуучулары ээлешти. Жеңүүчүлөр жана катышуучулар баалуу сыйлыктар менен сыйланышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×