Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-июнь
Талас

Айыл турмушу: Таластык А.Турусбеков тарткан сүрөт Франциянын президентинин аялына жагып, айылга 40 тонна ун алып берген (фото)

Turmush -  Талас районунун Арал айылынын 65 жаштагы тургуну Абдысадыр Турусбеков сүрөтчүлүк өнөрдү аркалап келет. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы сүрөтчү менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, 1977-жылы С.Чуйков атындагы мамлекеттик сүрөт окуу жайын аяктап, эмгек жолун орто мектепте чийүү жана сүрөт сабагынан мугалим болуп иштөөдөн баштаган. 1967-жылы 7-класста окуп жатканда «Мосфильм» киностудиясы Ч.Айтматовдун «Жамийла» повести боюнча кино тарта турган болуп, чыгармадагы Сейиттин сүрөт тартканын чагылдыруу керек болот. Ага «жаш сүрөтчүлөр керек» деп сынак жарыяланат. Кинонун режиссеру Ирина Поплавская А.Турусбековдун эмгегин жактырып, кинодо анын тарткан сүрөттөрү колдонулган. 49 жылдан ашуун убакыттан бери тартып келе жаткан сүрөттөрү менен көптөгөн көргөзмөлөргө катышып, бир катар сыйлыктарга татыктуу болгон. 4 жолу Бишкек шаарында жеке көргөзмөсү өтүп, Бүткүл союздук сүрөт көргөзмөсүнө 6 жолу катышкан. Жалпысынан 1 миңден ашуун сүрөттүн автору.

2 жыл мурда Чынгыз Айтматовдун портретин 500 долларга саткан.

«Сүрөттөрүмдүн арзаны 100 доллар, эң кымбаты 800 долларга сатылган. Көп учурда чет өлкөдөн келген делегацияларга белекке берем», - деди ал.

Абдысадыр аксакал 1995-жылы Франциянын президенти Франсуа Миттерандын жубайы Кыргызстанга келип, анын көргөзмөсүнө катышкандыгын кошумчалады. Президенттин жубайы сүрөтчүдөн эмне керек экенин сураганда ал айылда ун жок, эл кыйналып жаткандыгын айтат. Анын эмгектерин баалаган Франциянын ал кездеги биринчи айымы 40 тонна ун, 8 тонна кумшекер алдыртып берген. Ал азыктарды сүрөтчү ар бир үй-бүлөгө таратып берген.

«Сүрөттөрүм азыр Украинада, Францияда, Түркияда жана башка өлкөлөргө сатылды», - деди ал.

Сүрөтчүлүктөн тышкары мектепте мугалим, колхоздо төрага, андан соң айыл өкмөт башчы болуп 7 жыл иштеген. Бүгүнкү күндө ардактуу эс алууда, 4 баланын атасы.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 8141
Көп окулду
×