Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июнь
Баракелде, Дүйнө 07.04.2016 16:01

Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курамасы дүйнөдөгү мыкты командалардын ТОП-100 тизмесине кирди

Turmush -  Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курамасы дүйнөдөгү мыкты командалардын ТОП-100дүгүнө кирди. Бул тууралуу бүгүн, 7-апрелде ФИФАнын жаңыланган сап тизмесинде маалым болду.

Кыргызстандын командасы отчеттук мезгилде бир матч өткөрдү. 2018-жылы Россияда өтүүчү футбол боюнча дүйнө чемпионатынын тандоо турунун акыркы 10-айлампасында «Азия» зонасында кыргызстандык команда конокто Тажикстанга каршы ойноп, 1:0 эсебинде жеңишке жеткен.

Бул жеңиш Александр Крестининдин оюнчуларына 5 сапка көтөрүлүүгө мүмкүнчүлүк берди.

Кыргызстандын курамасы 100-орунду ээлөө менен (340 упай), акыркы 5 айда төртүнчү жолу мыкты жыйынтыкты көрсөтө алды.

Ал эми Азия футбол конфедерациясынын рейтингинде Кыргызстан 12-орунга көтөрүлдү.

Кыргызстан өзүнүн тарыхында биринчи жолу Ирактын командасынан алдыга чыкты.

ФИФАнын сап тизмесиндеги биринчи орунду Белгияны артка калтырып, Лионель Месси башында турган Аргентина ээледи.

ФИФАнын кийинки рейтинги 5-майда жарыяланат.

АФКнын ТОП-12 командасы ФИФАнын рейтингинде:

9b182d564a4f200965ae167e35420a65

 Сүрөттү чоңойтуп көрүү үчүн аны бир жолу басыңыз.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×