Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Баткен облусу, Сүлүктү 07.04.2016 15:51

Сүлүктүдө апрель революциясына карата кичи футбол мелдеши өтүп жатат (фото)

Turmush -  Бүгүн, 7-апрелде Сүлүктү шаарында 7-апрель — Элдик революция күнүнө карата кичи футбол боюнча мелдеш өтүп жатат. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына Сүлүктү шаарынын мэриясынан маалымдашты.

Футболдук мелдешке жалпысынан 14 команда катышууда. Жыйынтыгында жеңишкен командаларга акчалай сыйлыктар жана ар кандай даражадагы дипломдор тапшырылат.

Бул иш-чарага мэрия тарабынан 12 миң сом бөлүндү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×