h Turmush: Жеңеке: Хакасиядан Кара-Сууга келин болуп келген Наталья жеңе менен маек

При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шаршемби, 29-март

Жеңеке: Хакасиядан Кара-Сууга келин болуп келген Наталья жеңе менен маек

Turmush -  «Жеңеке» долбоору аркылуу Turmush басылмасы Кыргызстандын алыскы жана жакынкы аймактарындагы аялзатынын үй-бүлөсүнө, балдарына, туугандарына болгон камкордугу тууралуу баяндап, алардын турмуштун түйшүгүнө баш ийбеген эркин даңазалоону көздөйт.

«Жеңеке» долбоорунун кезектеги каарманы — Россиянын Хакасия Республикасында төрөлүп, Кыргызстандын Кара-Суу районуна келин болгон Наталья Сазанкова болмокчу.

Хакасия Республикасынын Абакан шаарынын кызы Наталья Сазанакова 23 жыл мурун Кара-Суу районунун Жаңы-Маданият айылынын тургуну Таалайбек Тезекбаевге турмушка чыккан. «Келиндин келгендегиси эстен кетпейт» деген накыл кепти улай Наташа жеңе менен маек курдук.

- Жолдошуңуз менен кантип таанышып калдыңыз?

- Мен медицина тармагына Кроснаярский шаарына окууга тапшырып калдым. Ал жакта бир тууган эжем бар болчу. Эжем мени жатаканага жайгаштырып кетти. Бир бөлмөдө 4 кыз жашачубуз. Бир күнү бөлмөдө жалгыз отурсам шикти бирөө такылдатып калды. Ачсам бир жигит турган экен. Ал бөлмөлөш кызды сурап келиптир. Жок экенин айтып эшикти жаап жатсам, ал «бизде, келген конокту кет дебейт. Үйгө киргизип чай коюп, нан ооз тийгизет» деп салтын түшүндүрүп баштаган. Ошентип жүрүп ал мага көңүл буруп, сүйлөшүп кеттик. Ал менден жогорку курста билим алчу. Экөөбүз убактыбызды чогуу өткөрө баштадык. Ал Кыргызстанга барганда кургатылган өрүк, боорсок, алмаларды ала барчу. Ошентип экөөбүз 1992-жылы баш кошуп, 1993-жылы кыздуу болдук. Андан кийин Кыргызстанга биротоло келдим.

- Ата-энеңиз алыска турмушка чыкканыңызга каршы болгон жокпу?

- 17-18-кылымдардагы жазма документтерде хакастардын жери Кыргыз жери же Хонгарай деп аталган. Элдик оозеки чыгармачылыкта «хоорай» же «хыргыс-хоорай» деген аталыштар көп кезигет. Хакасиянын аймагында Енисей кыргыздарына таандык археологиялык эстеликтер арбын. Түпкү тегибиз бир болушу да мүмкүн экендигин тарых барактары айгинелеп турат. Андыктан мен кооптонгон жокмун. А ата-энем алгач «алыста өзүң жалгыз кантээр экенсиң» дешти. Мага өзүмдүн кичүү инимди кошуп беришкен. Азыр бактылуу экенимди билишет.

- Алгач кайын журтуңуз кандай кабыл алды?

- Наташа десе бары көздөрү көк, өңү сары кызды элестетишкен экен. Кайын журтум абдан жакшы кабыл алды. Кайын энем кийин «сени орус деп ойлогом» деп айткан. Хакастар менен кыргыздардын келбети окшошуп кетет.

- Кыргыз тилин канча убакытта үйрөндүңүз? Кандай өзгөчөлүктөр сизди таң калтырды?

- Кыргыз тилин 3-4 айда үйрөндүм. Мен алгач үйдөгүлөрдүн жерде отурганына, дасторконду да жерге жайып, аны кайра жыйнаганы таңдандым. Келин көрүү үчүн коноктор улам-улам келе берет экен. Конокторду жаңы узатсак, кайра башкасы келет. Аларга кайра дасторкон жаябыз. Бул көрүнүштөргө абдан таң калгам. Келин болуп келгенге чейин тандырга нан жапканды көргөн эмесмин.

Абысыным нан жапчу. А мен ысыктан коркуп жүрүп нан жапканды 6 айдан кийин үйрөндүм. Мен келин болуп келген жылы тамеки, пахта терчүбүз. Мен талаага жинсы шым кийип жөнөп калсам кайын энем «кокуй, чеч тиги шымды. Халат кийип чык, ыңгайлуу болот», дегени эсимде.

Кайнатам, жеңем болуп талаага чыгып иштедик. Бир жылдан кийин кайнатам каза болуп калды. Бул жакта аза күтүү салты башкача экен. Кыйналып, кыжалат болуп кеттим. Кайра-кайра эске салып, кошок кошулуп, Куран окулат экен. Өзгөчө ошол аза күтүү мени абдан кыжалат кылган. Ошондо гана кыйналдым.

Тойлор да өзгөчө өтөт экен. Килемге пахталарды жармаштырып, столдо отургандары кызык болчу. Азыр көнүп калдым.

- Үй-бүлөдө кандай кожойкесиз?

- Кыргыз келиндери кандай жумуштарды жасаса мен да калышпай жасайм. 3 кыз, 1 уулубуз бар. Аларга тарбия берип, үйдө отурам. Улуу-кызыбызды турмушка узаттык. Эми чоң таене болом.

Тамак-аштардын бардык түрлөрүн жасайм. Бир гана бешбармакты жасоо кыйын. Узак убакта жасалат. Талаага чыгып, сабиз отоп, анын түшүмүн терем. Иштен качпайм. Кыргыздан айырмасы жок келинмин десем ашыкча болбос. Элге окшоп төркүнүмө бат-баттан бара албайм. Аларга 3 жылда бир жолу барам.

23 жылдан бери кыргызга кызмат кылып келе жаткан Наташа жеңебиз шайыр мүнөздүү экенин маектешүү учурунда байкадык. Наташа жеңе айылдаштарынын, кайын журтунун мактоосуна татыктуу келин. Ал жөнүндө бары бир ооздон «иштен качпаган келин» дешет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4692
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×