Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июнь
Нарын облусуАт-Башы району 06.04.2016 09:59

Ат-Башынын «Береке» базарындагы жашылча-жемиштер таштандынын арасында сатылат, - жергиликтүүлөр (фото)

Turmush -  Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунун Ат-Башы айылындагы борбордук «Береке» базарында жашылча-жемиштер талапка жооп бербеген жерде сатылууда, деп маалымдашты бул абалга нааразы болгон керектөөчүлөр Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына.

Тургундардын айтымында, базар акыркы 20 жылдан бери ишкер Ибрагим Акимжановго таандык. Бирок базарды жергиликтүү бийлик 2-3 жылдан бери ирээтке келтире албай, унаа каттаган жолго чейин таштандылар толуп кеткен.

«Ал жердин санитардык-гигиеналык абалы талапка жооп бербейт. Таштандынын арасында жер-жемиштер сатылууда. Базардын санитардык абалына көзөмөл кылуучу органдар эмне иш аткарат?», - дешет жергиликтүү жашоочулар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×