Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Баракелде, Бишкек 05.04.2016 16:32

7-апрель ушул жылдан баштап жумушчу эмес күн болушу мүмкүн

Turmush -  7-апрель ушул жылдан баштап жумушчу эмес күн болуп калышы мүмкүн. Бул тууралуу Жогорку Кеңештен билдиришти.

Маалыматка таянсак, 7-апрелди жумушчу эмес күндөрдүн катарына киргизүү маселеси ЖКнын тармактык комитеттери тарабынан каралды. Аталган маселени ошондой эле «Өнүгүү-Прогресс» жана «Бир бол» фракциялары да карашты. Күндүн аягына чейин башка фракциялар да кароо ниетинде.

Бардык фракцияларда каралып бүткөн соң, 7-апрелди жумушчу эмес күнгө киргизүү жөнүндө маселе Жогорку Кеңештин эртең, 6-апрелдеги жалпы жыйынында каралат.

Эске салсак, кечээ, 4-апрелде президент Алмазбек Атамбаев «Аксы окуяларынын, Март жана Апрель элдик революцияларынын атын түбөлүккө калтыруу жөнүндө» жарлыкка кол койгону маалымдалган, ага ылайык, Жогорку Кеңештин депутаттарына жыл сайын белгиленүүчү «7-апрель – Элдик Апрель революциясы күнү» КРнын Эмгек кодексинде белгиленген жумушчу эмес майрам күндөрүнүн тизмесине киргизүүнү кароо сунушталат.

«Өлкөбүздү туруктуу өнүгүү жолуна салууга, коррупцияга каршы чындап күрөшүп, мекенибизди кедей өлкөлөрдүн катарынан чыгарууга, демократиялык шайлоо өткөрүп, парламенттик системанын пайдубалын түптөөгө мүмкүнчүлүк берген жол 2010-жылдын 7-апрелиндеги Элдик революциядан кийин гана ачылган. Бул сапар элибиз үй-бүлөлүк, кландык системаны биротоло талкалаган. Бирок, жеңиш өтө кымбатка турган. Жүзгө жакын жараныбыз курман болуп, миңден ашык адам жаракат алган», - деп айтылат жарлыкта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×