Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Ысык-Көл облусу, Каракол 05.04.2016 14:07

Кытайлык кыргыз жигит Кыргызстанга кайтып келип, үй-бүлө күттү (фото)

Turmush -  Кытайлык кыргыз Кайрат Токкожо Кыргызстанга кайтып келүү чечимин ойлонбостон кабыл алган. Ал иш сапары менен Ысык-Көл облусуна келген учурда аймактык кабарчы менен баарлашты. Ал учурда 30 жашта. 2007-жылдан бери Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата аймагында нефть изилдеген кытайлык адистердин котормочусу болуп эмгектенүүдө.

Кайрат Үрүмчүдөгү окуу жайды аяктагандан кийин ата-бабасынын жерине келүүгө абдан кызыкканын белгиледи.

Түп районундагы Күрмөнтү айылынын кызына үйлөнүп, бир кыздуу болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×