Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Чүй облусуЖайыл району 05.04.2016 12:46

Жайыл районундагы дыйкан чарбаларга сугат суусу быйыл 11 күнгө эрте берилди

Turmush -  Жайыл районунда сугат суунун абалы боюнча коллегия өткөрүлдү. Райондук суу чарба башкармалыгынын башчысы Таалайбек Шаршекеевдин айтымында, бул жылы сугат суу дыйкан чарбаларга 11 күнгө эрте берилди.

«Ушул жылдын 10-мартына карата 17 миллион куб метр суу топтолду. Былтыркы жылы ушул эле убакта суунун көлөмү көбүрөөк болчу. Район боюнча суунун берилиши жыл башында 127 миллион куб метрди түздү. 2016-жылга карата бардык суу пайдалануучулар менен 2 млн 800 миң сомго келишим түзүлдү», - деди Т.Шаршекеев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×