Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Ысык-Көл облусу, Каракол 05.04.2016 11:49

Караколдо 7-апрелге карата аскердик мелдеш өтүүдө (фото)

Turmush -  Каракол шаарында 7-апрель — Революция күнүнө карата аскердик мелдеш өтүп жатат. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Ага шаар ичинен 6 команда катышууда.

«Мелдеште командалар аскер ырларын ырдап, жүрүш жасашат. Ошондой эле турникке тартынуу, эстафета, 100-1000 метр аралыктарга чуркоо, граната ыргытуу, мылтык чогултуу жана мылтыктан ок атуу боюнча сынактар болот. Максатыбыз — балдарга патриоттук тарбия берүү жана сергек жашоого тарбиялоо», - деди Каракол шаардык аскер комиссариатынын улук жардамчысы Нурлан Салибаев.

Иш-чараны аскер комиссариаты, дене тарбия спорт комитети жана Баткен окуясынын катышуучулары уюштуруп, шаардагы кесиптик окуу жайлардын студенттери күч сынашууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×