Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-февраль

При поддержке MegaCom

Жеңеке: Ысык-Көлгө келин болгон Ж.Борсокеева 45 миң сомдук шырдактарды жасайт (фото)

Turmush -  Аялзаты — эң ыйык эне, сүйүктүү жар, барынан кымбат кыз, сүйкүмдүү келин, күйүмдүү эже, сиңди жана карындаш. Алар жашоодогу эң чоң байлык. Мындай сыймыктуу атка жеңекелер дагы татыктуу.

Turmush басылмасы «Жеңеке» долбоору аркылуу Кыргызстандын алыскы жана жакынкы аймактарындагы аялзатынын үй-бүлөсүнө, балдарына, туугандарына болгон камкордугу тууралуу баяндап, алардын турмуштун түйшүгүнө баш ийбеген эркин даңазалоону көздөйт.

«Жеңеке» долбоорунун кезектеги каарманы — Нарында төрөлүп, Ысык-Көлгө келин болгон Жылдыз Борсокеева.

Анын айтымында, мектепти аяктагандан кийин Тоң районунун Кызыл-Туу айылына келин болуп келген. Турмуш курган жылдары жолдошу экөө тең фермерлик менен алектенишкен. Кийин кол өнөрчүлүк менен алектенүүнү чечкен. Ал азыр 45 миң сомго чейин бааланган шырдактарды жасайт.

«Алгач шырдактарды жасай баштадым. Бул иш өзүмө жагып калды. Жумушумду чын көңүлдөн жасайм. Ишимди бир да жолу таштагым келген жок», - деди ал.

Анын шырдактарын күзүндө көп сатып алышат.

«Күздө тойлор башталат. Сатып алуучулар көп болот. Мурда шырдактар көп алынчу эмес. Азыр көптөр колго жасалган буюмду, улуттук колоритти баалап калышты», - деди уз айым.

Борсокеева шырдактардан тышкары боз үйлөрдүн жабдууларын даярдайт. Азыр 3 баланын энеси. Ысык-Көлдөгү кайын журту үчүн сыймыктуу келин. Кыздарын турмушка узатып, уулдарын үйлөнттү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2480
Комментарии
Обсуждения закрыты
Эң кызыктуу
×