Turmush — Талас районунун Талды-Булак айылынын 47 жаштагы тургуну Улукбек Байгараев дарактардын тамырынан ар кандай сувенирлерди жасап келет. Аймактык кабарчы устадан кабар алды.
Өзүнүн айтымында, С.Чокморов атындагы көркөм сүрөт окуу жайын бүтүргөн. 10 жыл элеттеги мектепте балдарга сүрөт, кол эмгектен сабак берип эмгектенген. Шартка байланыштуу мектептеги жумушун таштап, баш-оту менен устачылыкка өткөн.
«Биздин тукумубузда устачылык өнөр бар. Чоң атам, өзүмдүн атам чоң уста болгон. Бала чагымда ошол кишилердин жанынан чыкпай, колумдан келбесе дагы аракет кылып жүрө берчүмүн. Бирок устачылык шык канымда бар болгондуктан бул өнөрдү бат эле өздөштүрүп кеттим. Кийин устачылык менен иштейм деген ой пайда болуп, биротоло жыгач менен иштөөнү туура көрдүм. Алгач жыгачтан айыл элине керектүү буюмдарды жасап берип жүрдүм.
Бир күнү коңшумдун үйүнөн отун түшүрүп жатканда дарактын тамырын таап алдым. Ал тамыр уюткулуу жыландарга окшош тамыр экен. Алардан сурап үйгө алып келип, иштеп чыгышым керек болду. Үйдөн жарым жыл иштеп бүтүрдүм. Ошондон кийин тамырларга болгон кызыгуум күчөдү. Тамырларды көбүнчө токойдон таап келем. Экинчи таап келген тамыр менен 1 жыл иштедим дагы, аны «Кара жорго бийи» деп атадым. Айрым жерлеринде жалын бийдин айрым элементтери да камтылган. «Аң улоо» тамырын отун болуп жаткан жерден таап алгам. Муну илбирсти коргоо жылына карата жасагам. Бул жерде бир нече жаныбардын сөлөкөттөрү түшүрүлгөн.
Мага эргүү жакшы музыка укканда, ар кандай таасирдүү чыгармаларды окуп жатканда келет. Иштеп жаткан учурда кылдаттык, чыдамкайлык жана берилүү керек болот. Ал убакта оюңдагыдай кооз нерсени жасап чыга аласың. Ошондуктан мен иштеп жатканда үй-бүлөм жолтоо болбойт. Көчмөндөр оюндарына Таластын атынан чыгып, эмгектеримди көрсөтмөлөрүнө коюп келдим. Чет элден келген коноктор суктанып, үйгө чейин издеп келгендер көп болуп жүрдү. Ал убакта жасаган эмектеримди сатам деген ниетим жок эле. Азыр сурап келгендерге «Уюткулуу жыланды» 2 миң долларга, «Кара жорго бийин» 50 миң сомго, «Аң улоону» 30 миң сомго сатам деп айтып жатам. Буйруса Ч.Айтматовдун чыгармаларындагы каармандарды жасап чыксам деген ойлорум бар. Бул ишти кыш айларында баштайм», - деди ал.
Ал эми устанын жубайы Азиза Таласбаева жолдошунун жасаган эмгектери менен сыймыктана тургандыгын белгиледи.
«Жолдошум тамырлар менен иштеп баштады дегенде биздин үйдө тынчтык өкүм сүрөт. Анткени биз кылып жаткан ишине жолтоо болбошубуз керек. Өтө берилүү менен иштейт. Кээ бир учурда тамака чакырсаң да келбей иштей берет. Бирок майда жумуш. 1 жыл дегенде баарын бүтүп даяр кылат. Кылган эмгектери менен сыймыктанып келем. Атасынын кылган ишин көрүп, баласы дагы жанынан чыкпай жүрөт. Буйруса айылга жакшы бир буюм жасап тапшырсам деген чоң ниети бар», - деди ал.
Жубайлар мал чарба жана дыйканчылык менен алектенишет. Ортолорунда 1 кыз, 1 уул бар. Учурда үчүнчү наристесин күтүп жатышат.