При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-август
68.74    80.81    1.15    KZT 0.21

Жеңеке: Караколдогу К.Асаналиева кайын журтунда илими үчүн «окумуштуу келин», чыгармачылыгы үчүн «артист келин» аталган (фото)

Turmush -  Караколго келин болгон Кыял Асаналиеваны кайын журту «окумуштуу келин» жана «артист келин» деп атайт. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы «Жеңеке» долбоорунун кезектеги каарманы менен баарлашты.

Өзүнүн айтымында, Кыял Асаналиева 1969-жылы Ак-Суу районунун Жол-Колот айылында туулган. Учурда 5 баланы жолдошу менен бирге тарбиялап, Каракол шаарында жашап иштеп келет.
Азыр ал Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик окуу жайында кыргыз адабияты жана Манас таануу кафедрасында окутуучу болуп эмгектенет. Мугалимдик кесиби менен илимге киришип, филология илимин кандидаты болууга жетишкен. Өз кесиби менен катар чыгармачылык менен алектенет.

«Башында 5-6 студент менен бирге драм кружок уюштурганбыз. Анда ар кандай кичинекей пьесаларды коюп жүрдүк. Кийин улам кеңейип олтуруп «Жалын» деп аталган студенттик театр түздүк. Театрдын 20 жылдык мааракесине карата элдик деген наам алды. Анда окуу жайдын бардык факультеттеринин шыктуу студентери менен көптөгөн пьесаларды коебуз. Ал пьесалар менен өлкөнүн бардык облустарын кыдырдык. Театр менин жашоомдун эң чоң бөлүгү. Студенттердин талантын ачып аларды эл алдына алып чыгуу эң чоң сыймык», - деди ал.

Асаналиева студенттер койгон драммаларды өзү жазып берет. Студенттери менен бирге койгон спектакльдерди кайын журту, абысындары, балдары дайыма келип көрүшөт.

«Апамдын премьерасы болот дегенде бары майрамга келгендей келип көрүп кетишет. Күйөөмдүн колдоосу менен ушуга жетиштим. Мен драммаларды жазып жатканда ал балдарды карап, баардык жагынан жардам берет», - деди каарманыбыз.

Ал алгач келин болуп келгендеги кезин дайыма эстейт. Чыгармаларын коюп гастролдоп кеткенде кайын журту «сени мугалим десек, артист дагы турбайсыңбы» деп айтышканын кошумчалады. Алар азыр да келининин чыгармачылыгын колдоп, гезиттерде ал жөнүндө чыккан жаңылыктарды окуп, теледен көрүп сыймыктанышат.
Каарманыбыздын айтымында, аялзаты үй-бүлөнү да, ишти, чыгармачылыкты бирге алып кетиши керек. Асаналиеванын кичүү баласынын төрөлгөнүнө 7 ай болду.

Ал ишиндеги жетишкендиктери үчүн Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин «Ардак грамотасы», Каракол шаардык кеңешинин «Ардак грамотасы», КРнын президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын диплому менен сыйланган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2917
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу