Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-февраль

При поддержке MegaCom

«Жеңеке»: Жолдошунун Ысык-Көлдүн жээгинде жашоо сунушун кабыл алган Кымбатгүл балык чарбада 5 тонна балык өстүрүүдө (фото)

Turmush -  Аялзаты — эң ыйык эне, сүйүктүү жар, барынан кымбат кыз, сүйкүмдүү келин, күйүмдүү эже, сиңди жана карындаш. Алар жашоодогу эң чоң байлык. Мындай сыймыктуу атка жеңекелер дагы татыктуу.

Turmush басылмасы «Жеңеке» долбоору аркылуу Кыргызстандын алыскы жана жакынкы аймактарындагы аялзатынын үй-бүлөсүнө, балдарына, туугандарына болгон камкордугу тууралуу баяндап, алардын турмуштун түйшүгүнө баш ийбеген эркин даңазалоону көздөйт.

«Жеңеке» долбоорунун кезектеги каарманы — Ысык-Көл районунун Григорьевка айылынын тургуну Кымбатгүл Абыкеева.

Ал 3 жыл мурун жолдошунун Ысык-Көлдүн жээгине барып балык багуу сунушун кабыл алган. Алар жеке ишкердин балык чарбасында эмгектенишет.

«Жолдошум экөөбүз 4 баланы тарбияладык. 3 кызыбыз жана 1 уулубуз бар. Балам 2-класста окуйт. 2 кызыбыз медицина тармагында билим алууда. Бир кызыбыз мектепте окуйт. Айылда жумуш жок экендиги белгилүү. Көпчүлүгү өзүнүн чарбасы менен алек, кээ биринин такыр жумушу жок. Ошондуктан бул жумуш өзүбүзгө жагат жана анын кыйынчылыгы деле жок», - дейт К.Абыкеева.

Ал жолдошу жана балдары менен көлдүн жээгинде жашап, иштешет. Жеке ишкерлер бул жерде 5 тонна «радужный форель» балыгын өстүрүшөт.

«Күн сайын балыктарга тамак берип, чаң соргуч менен көлмөнү тазалайбыз. Жайкысын балыктарды сатуу башталат, өзгөчө аны туристтер жана эс алуучулар жакшы көрүшөт. Алар атайын балык сатып алуу үчүн бул жерге келишет. Өз эмгегиң менен өстүрүлгөн балык жакшы. Тор менен көп балык кармап аны сатуу оңой, бирок өзүң өстүрүп, таза эмгек менен акча тапкан жакшы. Уулубуз биз алектенген жумушка абдан кызыгат. Эгер ал ихтиолог (зоологиянын балыкты изилдөөчү бир бөлүгү) болом десе биз колдойбуз», - деди ал.

Анын айтымында, балык чарбанын жетекчилери жыл сайын форелдин чабактарын өстүрүп, жазында аны көлгө коё беришет.

«Форелдин чабактарын да карап, күн сайын алардын өсүшүн көзөмөлдөп турабыз. Жазында аларды көлгө коё беребиз. Мындай жол менен Ысык-Көлдө бул балыктын түрүн сактап калууга болгон салымыбызды кошобуз», - деп кошумчалады ал.

К.Абыкеева белгилегендей, анын жумушу үй-бүлөгө туруктуу киреше алып келет. Иши өзүнө жагат. «Жумуш бир гана киреше эмес рахат да алып келиши керек», - деп кошумчалады К.Абыкеева.

«Жеңеке»: К.Асакееванын үй-бүлөсү Жети-Өгүздүн кышы суук, жайы салкын өрөөнүндө миңден ашык топоз багат (фото)

«Жеңеке»: 20 жаштагы Айжан жолдошу менен цивилизациядан алыс аймакта жашаганы менен абдан бактылуу (фото)

«Жеңеке»: Жети-Өгүздүн Барскоон айылында жашаган Съездгүл Абылова даамдуу кымызы, аш жана сүмөлөгү менен таанымал (фото)

«Жеңеке»: Ысык-Көлдүн кызы А.Жумалиева ырлары аркылуу жолдошуна болгон таарынычын жана сүйүүсүн билдирет (фото)

«Жеңеке»: Ак-Суунун Кереге-Таш айылынын келини М.Бакирдинова жолдошу чет жерде иштесе да айылда жашап жатканы үчүн бактылуу (фото)

«Жеңеке»: Жалал-Абаддын келини А.Эдирова жасаган аш-лямфу менен палоону кайын журту тамшанып жешет (фото)

«Жеңеке»: Баткендик 2-топтогу майып К.Маматова тигүүчүлүк өнөрү менен алектенип, 1-топтогу күйөөсүн багат (фото)

«Жеңеке»: Ак-Суудагы шахтерлордун үй-бүлөсүнүн «шайыр келини» Д.Кененсарова айылда «динар даам» тамагы менен белгилүү (фото)

«Жеңеке»: Жети-Өгүздө кайненесине мыкты келин болгон А.Умарова трактор айдап, жолдошуна жардам берет (фото, видео)

«Жеңеке»: Шаарда өсүп, Жети-Өгүзгө келин болгон Чолпон айылга мейман тосуудагы мыкты дасторкону менен таанымал (фото)

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4422
Комментарии
Обсуждения закрыты
Эң кызыктуу
×