Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 15.03.2016 17:12

Жети-Өгүздө кылмыштуулуктун алдын алуу максатында спорттук мелдеш өттү (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Жети-Өгүз айыл аймагында бүгүн, 15-мартта жаштар арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу максатында окуучулардын спорттук мелдеши өткөрүлдү.

Уюштуруучулардын айтымында, мелдешке жалпысынан 5 мектептин курама командалары катышты.

«Мелдеш "Коопсуздук мектеп үчүн биргеликте" деген аталышта өтүп, өспүрүмдөрдү спортко тартуу максатын көздөдү. Район боюнча 2015-жылы өспүрүмдөр катышкан 17 кылмыш иши катталса, жыл башынан бери 3 учурду түздү. Ал эми айылда өткөн жылы эки факт катталган. Тиешелүү адистердин иш алып баруусунан улам быйыл кылмыш иши катталган жок», - деди айылдык милиция бөлүмчөсүнүн башчысы Нурлан Садыбакасов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×