Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-февраль

При поддержке MegaCom

«Жеңеке»: Ысык-көлдүк К.Токтобаева 108 жаштагы кайненесин даанышман адам деп эсептейт (фото)

Turmush -  Аялзаты — эң ыйык эне, сүйүктүү жар, барынан кымбат кыз, сүйкүмдүү келин, күйүмдүү эже, сиңди жана карындаш. Алар жашоодогу эң чоң байлык. Мындай сыймыктуу атка жеңекелер дагы татыктуу.

Turmush басылмасы «Жеңеке» долбоору аркылуу Кыргызстандын алыскы жана жакынкы аймактарындагы аялзатынын үй-бүлөсүнө, балдарына, туугандарына болгон камкордугу тууралуу баяндап, алардын турмуштун түйшүгүнө баш ийбеген эркин даңазалоону көздөйт.

«Жеңеке» долбоорунун кезектеги каарманы — Ак-Суу районунун Маман айылынын 63 жаштагы тургуну Күлүмкан Токтобаева.

К.Токтобаева айылдаштары арасында урмат-сыйга ээ. Ал 108 жаштагы кайненесине кам көрүү менен алек. К.Токтобаева 19 жашында окууга тапшыруу үчүн Пржевальскке келген. Өзү Жети-Өгүз районунун Дархан айылында төрөлгөн. Жогорку окуу жайга тапшырууга мүмкүнчүлүгү жок болгондуктан Пржевальсктагы кооперативдик окуу жайдан билим алган. Окуу учурунда аны жолдошу ала качып кеткен. Ал Ак-Суу районунун Маман айылынын тургуну эле.

«1970-жылы турмушка чыктым. Кайненем менен кайнатам кандай адамдар экендигин билбей келдим. Бирок, кайненем акылдуу, даанышман аял экен. Ушул күнгө чейин мага бир да жолу катуу сөз айткан жок. Мен дайыма кайненемдин бардык сапаттарын үйрөнүүгө аракет кылдым. Ушул үйгө келгенден кийин мага окуумду аяктаганга мүмкүнчүлүк беришти. 12 жыл дүкөндө иштедим, андан кийин айылдагы бала бакчада башчы болуп эмгектендим. Жумуштан үйгө келгенде апам мага картошка аарчыганга уруксат берчү эмес. "Колуң саргайып калат, жумушка антип барбаш керек" деп айтчу. Ал мени тарбиялап, көп нерсени үйрөттү», - дейт ал.

К.Токтобаева жолдошу экөө 6 баланы тарбиялашты. «Апабыздын 2 уулу, 1 кызы бар. Жалпы 11 небереси жана 17 чөбөрөсү бар. Жолдошум 16 жыл мурун каза болуп калган. Ал каза болгондон кийин менин негизги жөлөгүм, курбум дагы Күкүтай апам болуп калды.

Жолдошум менен 46 жыл бирге жашадык. Апамдын жардамы менен үйдө бейпилдик орноп, береке болуп турат», - дейт ал.

108 жаштагы Күкүтай Коңурбаева согуш учурунда талаада иштеп, кийин облустук жана райондук кеңештерде депутат болгон. Учурда Күлүмкан Токтобаева кайненесине арнап ыр жазат. «Мен кайненемдин батасын алууну каалайм», - деди Маман айылынын үлгүлүү жашоочусу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3420
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Эң кызыктуу
Учурда окулуп жатат
×