Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 10.03.2016 17:26

Кара-Балтанын бюджетинен акыркы 20 жылда биринчи жолу спорттук зал ачылды (фото)

Turmush -  Бүгүн, 10-мартта Чүй облусунун Кара-Балта шаарындагы «Манас» спорттук комплексинин базасында теннис залынын ачылышы болуп өттү, деп маалымдады Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы.

Берилген маалыматка ылайык, ачылыш аземге шаар мэри Д.Шабданов, шаардык кеңештин депутаттары, Бишкек шаарынан стол тенниси ассоциациясынын башкы катчысы Шухрат Тешаев жана башка өкүлдөр катышты.

Бул теннис залы шаардагы теннис ардагерлеринин суранычы менен шаардык кеңештин колдоосунда ачылды. Бул үчүн өткөн жылдын күз айларында шаардагы роллерклубду шаардык мэрия өз менчигине сатып алган.

Эми бул залда шаарда жашаган балдар жана улуулар акысыз машыгат. Шаардагы теннис сүйүүчүлөрдүн эң улуусу 70 жашта.

«Биз Кара-Балта шаарынан чыккан спортчулар менен сыймыктанабыз. Бизден грек-рим күрөшү, эркин күрөш, бирмандык бокс, классикалык бокс боюнча Кыргызстандын, Азиянын, ал тургай дүйнөнүн чемпиондору чыкты. Эми теннис сүйүүчүлөр үчүн да шарттар түзүлдү. Спорттун бул түрүн жактыргандар тар, 2 теннис столу араң баткан мекемеде ойноп жатканын байкадым. Бул жерге бардык шарттары менен 6 теннис столу коюлду. Ушул залдан машыккандар дүйнө чемпиону болот деп үмүт кылабыз», - деди Д.Шабданов.

Машыктыруучу Юрий Тарановдун айтымында, бул жерде кадимки теннис столунан тышкары заманбап жабдык — өнөктөш жок учурда каршылаш болуп ойноочу роботтор да коюлган.

«Ал робот менен ар бир спортчу, ал тургай теннис ойноону жаңы үйрөнүп баштагандар да ойной алат. Теннисчи топко ургандан кийин робот сетканын жардамы менен кайра спортчуга топту кайтарат. Аны машыктыруучу деп атайбыз, ойноп жаткан адамдын деңгээлине жараша машыктыруучунун кайтаруу ылдамдыгын жөнгө салууга болот», - деди ал.

Шаардагы бул спорттук жай акыркы 20 жылда биринчи жолу жергиликтүү бюджеттин эсебинен ачылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×