Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 23.01.2014 15:43

Каракол шаарында акча алмаштыруучу жайды тоноо аракет кылгандар камакка алынды

Turmush -  Каракол шаарында кечээ, 22-январь күнү акча алмаштыруучу жайды тоноого шектүү эки жигит камакка алынды. Бул тууралуу Ысык-Көл ИИБнин басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов аймактык кабарчыга билдирди.

Каракол шаардык ИИБнин кезмет бөлүмүнө 22-январда белгисиз эки жаш жигит ломбардга кирип, анда иштеген айымды коркутуп, акча талап кылып жатышканын кабарлашкан.

Бул маалымат боюнча Каракол шаардык ИИБдин ыкчам иликтөө тобунун кызматкерлери жана ИИБдин ыкчам аракеттеги отрядынын жоокерлери окуя болгон жерге чыгышкан. Ал жерге барышкан кызматкерлер ломбарддан чыга качышкан белгисиз жарандарды көрүшкөн жана милиция кызматкерлеринен изин жашырып кетүү аркети учурунда колго түшүрүшкөн.

Кармалган жарандар Ысык-Көл районунун Орто-Орукту айылынын 18 жаштагы тургуну К.уулу Арген жана Каракол шаарынын тургуну Б.Максат экени аныкталып, аларга карата кылмыш иши козголду.

Далил зат катары ломбарддын кызматчысын ич жагына үч жолу сайып жаракат келтирүүгө колдонгон бычак алынган, дейт С.Усубакунов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×