Бөлүмдөр
Жума, 20-январь

При поддержке MegaCom

«Жеңеке»: 35 жашында 6 баланын энеси болгон кеминдик Ж.Өмүралиева дагы балалуу болууну тилейт (фото)

Turmush -  Чүй облусуна караштуу Кемин районунун 35 жаштагы тургуну Жаркын Өмүралиева 6 баланын энеси. Кудай буюрса дагы бала төрөп, баатыр эне наамын алам, деди ал Turmush басылмасынын кабарчысына берген маалыматында.

198427_g

Анын айтымында, 21 жашында турмушка чыгып, жолдошу экөө учурда Жамиля, Азирет, Адилет, Муса, Иса жана Наим аттуу балдарын тарбиялоодо. Жолдошу турмуштук керектөөлөрүн камсыздап, каражат таап иштеп турганда ал үй кожойкеси болуп, балдары менен алек болууну туура көрөт.

198839_g

«Менин негизги милдетим — үйдөгү жылуулукту, тынчтыкты сактоо. Жумуштан чарчап кайткан жолдошумду даамдуу тамак-аш менен тосуп алып, ар бир кырдаалда ага колдоо көрсөтүү. Учурда 5 уул, 1 кызыбыз бар. Дагы 1 кыздуу болсом деп тилейм», - деди Ж.Мусабекова.

198426_g

Ал Балыкчы шаарында төрөлүп, Кемин районунан мектепти аяктагандан кийин Токмок шаарындагы Токмок индустриалдык-педагогикалык техникумунан билим алган.

«Жеңеке» долбоору

Аялзаты — эң ыйык эне, сүйүктүү жар, барынан кымбат кыз, сүйкүмдүү келин, күйүмдүү эже, сиңди жана карындаш. Алар жашоодогу эң чоң байлык. Мындай сыймыктуу атка жеңекелер дагы татыктуу.

Turmush басылмасы «Жеңеке» долбоору аркылуу Кыргызстандын алыскы жана жакынкы аймактарындагы аялзатынын үй-бүлөсүнө, балдарына, туугандарына болгон камкордугу тууралуу баяндап, алардын турмуштун түйшүгүнө баш ийбеген эркин даңазалоону көздөйт.

Урматтуу окурман, Сиз жашаган аймактагы үлгүлүү келиндер, кадыр-барктуу жеңелер тууралуу айткыңыз келсе aimak.akipress@gmail.com электрондук дареги жана (0554) 65 60 25 номуру аркылуу Whats App менен байланышыңыз.

Каармандын:

- Аты-жөнү, жашы, жашаган жери толугу менен;

- үй-бүлөсү, балдары тууралуу;

- алектенген жумушу;

- каармандын үй-бүлөсү, балдары менен, жумуш учурунда тартылган сүрөттөрү (сөзсүз түрдө);

- сунушталган каармандын татыктуу деп эсептелген сапаттары тууралуу жазыңыз.

- ошондой эле каармандын көпчүлүк билген таланттары тууралуу (ырдоо, музыкалык аспаптарда ойноо, кол өнөрчүлүк, уз-чеберчилик ж.б.) кошумчаласаңыз болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2050
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Эң кызыктуу