Бөлүмдөр
Ишемби, 23-сентябрь
68.49    81.6    1.18    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Ысык-Көл

«Жеңеке»: Шаарда өсүп, Жети-Өгүзгө келин болгон Чолпон айылга мейман тосуудагы мыкты дасторкону менен таанымал (фото)

Turmush -  «Жеңеке» долбоору аркылуу Turmush басылмасы Кыргызстандын алыскы жана жакынкы аймактарындагы аялзатынын үй-бүлөсүнө, балдарына, туугандарына болгон камкордугу тууралуу баяндап, алардын турмуштун түйшүгүнө баш ийбеген эркин даңазалоону көздөйт.

Долбоордун кезектеги каарманы — Бишкек шаарында төрөлүп-өскөн 24 жаштагы Чолпон Карасартованын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Жети-Өгүз айылына келин болуп келгенине 4 жыл болду. Мен айыл жергесине келин болгонума өкүнбөйм, эң негизгиси жактырган адамым менен чогуумун, деди ал Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы менен болгон маегинде.

Ч.Карасартова өмүрлүк жолдошу менен

IMG-20160302-WA0007

Чолпон бала бакчада, мектепте жана жогорку окуу жайында орус тайпаларда билим алгандыктан, айылга келип, эне тилде сүйлөгөнгө көндү. Жолдошу Тилек Алдаяров экөө Бахи жана Ясина аттуу 2 кыздуу болушуп, айылдагы бактылуу үй-бүлөлөрдүн катарын толуктап келет.

Кыздары Бахи жана Ясина

IMG-20160302-WA0006

Чолпон кесиби боюнча экономист, бирок азыр кыздарына тарбия берип, үй кожойкеси.

«Жолдошум Тилек жумушу менен көбүнчө чет өлкөлөрдө болот. Жаңы үйлөнгөн кезде анын чет өлкөлөргө кеткенине таарынып жүрдүм. Кайненем "Эр жигит алыс сапардан кайтканда дасторкон жайып, ачык кабак менен күтүп алуу — аялдын улуулугу" деп көп айтып жүрүп, азыр көнүп калдым. Азыр ал сапарда жүргөндө аман-эсен кайтып келүүсүн гана тилейм», - деди Чолпон.

Тилектин туугандары айылдагы конок тосуу Чолпонсуз өтпөй турганын белгилешти. Себеби Чолпон улуттук, европа ашканаларын мыкты өздөштүргөн. Тамактын, салаттын көп түрүн мыкты даярдап, дасторкон ажарын ачкан келин.

IMG-20160302-WA0005

«Шаардын турмушуна көнгөн Чолпон айылга бат эле көнүп, тууган-туушкандардын жакшылыктарында кабагым-кашым дебей кызмат көрсөткөн мыкты келин. Мүнөзү жумшак болгондуктан  үй-бүлөсүнө тынчтык, бакыт тартуулап, тууган-туушкандар арасында алкыш сөзгө арзып келе жатат. Чолпондун колунан жасалган тамактар коноктор тарабынан сөзсүз мактоого татыктуу болот. Жаш болсо да айылдагы алдыңкы келиндердин катарында», - дешти айылдаштары.

IMG-20160302-WA0004

IMG-20160302-WA0008

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4009
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу