Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-июль
Ысык-Көл облусу 23.01.2014 15:33

Чек арада ок аткандар экстремисттик топ болушу мүмкүндүгү айтылууда

Turmush -  Ысык-Көл облусунда кыргыз чек арачыларына ок чыгаргандар Кытайдын уйгур тектүү жарандары жана экстремисттик топтун мүчөлөрү болушу мүмкүндүгү болжолдонууда. Бул тууралуу Жети-Өгүз районундагы Ак-Шыйрак айыл аймагынын башчысы Кудайберген Айманов билдирди.

Анын айтымында, бул белгисиз топ аңчылык чарбасынын башчысын мууздап, куралын тартып алган жана чек арачылар менен атышуу учурунда экөөсү каза тапты. Алардын жалпы саны болжол менен 7-8 киши болушу мүмкүн.

Чек ара кызматынын билдиргенине караганда, азыркы тапта кылмышкерлер «Пикертык» жылынуучу жайында чек арачылардын курчоосунда турат. Окуяга байланыштуу өкмөттө ыкчам штаб түзүлдү. Кыргыз чек арачылары жабыркаган жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×