Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Ысык-Көл облусу 23.01.2014 15:28

А.Барыкиндин өлүмү боюнча маалыматты тастыктай албайбыз, - «Кыргыз балык улоочулар союзу»

Turmush -  «Кыргыз балык улоочулар союзунда» Ысык-Көл облустук аңчылар коомунун жетекчиси Александр Барыкиндин өлүмү боюнча маалыматы жок. Бул тууралуу бүгүн, 23-январда АКИpress агенттигине «Кыргыз балык улоочулар союзу» президиумунун төрагасы Николай Задорожный билдирди.

Анын айтымында, учурда «Кыргыз балык улоочулар союзу» А.Барыкиндин өлтүрүлүшү тууралуу маалыматты же жокко чыгарып, же тастыктай албайт.

«Анткени А.Барыкин өлтүрүлдү деген сыяктуу эле жарадар болду деген ар кандай маалыматтар түшүп жатат», - дейт ал.

Александр Барыкин 1952-жылы 1-январда Түп районунда туулган. 1977-жылы Иркутск айыл-чарба институтун аяктаган, кесиби «биолог-аңчылык таануучу». 1994-жылдан тартып Ысык-Көл облустук аңчылык жана балык улоочулук союзун жетектеп келген. Үй-бүлөлүү, эки баласы Орусияда жашайт.

Анын кесиптештери билдиргендей, А.Барыкин адатта мергенчиликке чет өлкөлүк жарандарды алып чыкчу, бул жолу да аңчылар тобу менен болгон. «Бирок, эмне үчүн ал жалгыз калганы түшүнүксүз», - дешет алар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×