При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-июнь
68.6    76.44    1.14    KZT 0.21

«Жеңеке»: Жети-Өгүздө кайненесине мыкты келин болгон А.Умарова трактор айдап, жолдошуна жардам берет (фото, видео)

Turmush -  Аялзаты — эң ыйык эне, сүйүктүү жар, барынан кымбат кыз, сүйкүмдүү келин, күйүмдүү эже, сиңди жана карындаш. Алар жашоодогу эң чоң байлык. Мындай сыймыктуу атка жеңекелер дагы татыктуу.

Turmush басылмасы «Жеңеке» долбоору аркылуу Кыргызстандын алыскы жана жакынкы аймактарындагы аялзатынын үй-бүлөсүнө, балдарына, туугандарына болгон камкордугу тууралуу баяндап, алардын турмуштун түйшүгүнө баш ийбеген эркин даңазалоону көздөйт.

«Жеңеке» долбоорунун кезектеги каарманы — Жети-Өгүз районунун Тилекмат айылынын жашоочусу Айнура Умарова.

А.Умарова Жети-Өгүз районунун Дархан айылында туулган. Мындан 16 жыл мурда Тилекмат айылына турмушка чыккан. Жолдошу Калыс Шеримбеков менен 16 жылдан бери бирге түтүн булатып жашап келет. Алардын эки кызы бар.

Жолдошу айылга трактор менен кум, топурак ташып киреше табат. Ал жолдошунун оорун колдон, жеңилин жерден алып, учурда трактор айдаганды үйрөнүп, жолдошуна жардам көрсөтүүдө. Жолдошу айылдаштарына күнүнө трактору менен 5 жолу кум, топурак ташып келет.

Жубайлар 2013-жылы «Эрнист» айыл чарба кооперативин түзүп, долбоор аркылуу техникалар менен камсыздалып, 2015-жылы 105 үй-бүлөгө үрөн берүү менен жардам көрсөткөн. Быйылкы жылы дагы 20 үй-бүлөгө кайтарымсыз үрөн берүүнү максат кылышууда.

Андан сырткары, 100гө жакын үй-бүлөгө кайтарымдуу үрөн беришет. А.Умарова жолдошу алган жаңы техниканы айдап, жазгы талаа иштеринде жер айдоону пландоодо.

Ал кесиби боюнча ашпозчу, бирок келин болуп келген жерине баш ийип, жолдошунун ишкердигин колдоого алган.

Кайненеси Фатима Алыбаева да келининин эркектерге тиешелүү жумуштардын барын жасагандыгын айтып, анын мыкты кожейке экендигин да белгиледи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 6602
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×