Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Ысык-Көл облусу 23.01.2014 15:27

КР ИИМ: Ок атышуу болгон аймактан А.Барыгиндин мууздалган денеси табылды

Turmush -  Ысык-Көл облусундагы ок атышуу болгон чек арадан облустун аңчылар союзунун жетекчиси Александр Барыкиндин өлүгү мууздалган абалда табылды, деп билдирди ИИМдин басма сөз кызматы.

Маалыматта айтылгандай, А.Барыкиндин мууздалган денеси бүгүн, 23-январда кыргыз чек арачылары менен белгисиз тараптын ортосундагы ок атышуу болгон Пикертык пунктунун аймагынан табылган.

Ошондой эле, кол салгандар А.Барыкинге тиешелүү мергенчилик үчүн колдонулган «Вепрь» мылтыгын алып кетишкен.

Учурда, аталган аймакка бир нече посттор коюлду, деп белгилейт ИИМ.

Эске салсак, бүгүн, 23-январда Ысык-Көл облусундагы чек ара кошууну тилкесинде Кыргызстандын чек арачылары менен белгисиз тараптын ортосунда атышуу болду. Белгисиз адамдар аңчылык чарбанын башчысын өлтүрүштү.

Окуя болгон жерге барган чек арачыларга дагы белгисиз тараптан ок атуулар болуп, жыйынтыгында мыйзам бузган дагы эки адам каза болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×