При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жума, 26-май
67.94    75.99    1.21    KZT 0.22

«Жеңеке»: Ак-Суудагы шахтерлордун үй-бүлөсүнүн «шайыр келини» Д.Кененсарова айылда «динар даам» тамагы менен белгилүү (фото)

Turmush -  Аялзаты — эң ыйык эне, сүйүктүү жар, барынан кымбат кыз, сүйкүмдүү келин, күйүмдүү эже, сиңди жана карындаш. Алар жашоодогу эң чоң байлык. Мындай сыймыктуу атка жеңекелер дагы татыктуу.

Turmush басылмасы «Жеңеке» долбоору аркылуу Кыргызстандын алыскы жана жакынкы аймактарындагы аялзатынын үй-бүлөсүнө, балдарына, туугандарына болгон камкордугу тууралуу баяндап, алардын турмуштун түйшүгүнө баш ийбеген эркин даңазалоону көздөйт.

«Жеңеке» долбоорунун кезектеги каарманы — Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун жашоочусу Динара Кененсарова.

Райондун борборунан 60 чакырым алыстыкта кыштын 20 градус суугунда шахтерлор үчүн тамак-аш жасаган Динара Кененсарова айылдын алдыңкы айымы. Динара окуусун аяктап, турмуш кургандан тарта дээрлик 30 жылдан бери Шахта-Жыргалаң айылында жашап келет. Кесиби боюнча тигүүчү, бирок ал шахтерлордун үй-бүлөсүнө бүлө болуп, үй жумуштары менен алек.

Анын кайын атасы, жолдошу жана уулу да жер алдында кара алтын казып келет. Ал кошуналарына жана туугандарына өзү ойлоп тапкан «динар даам» тамагы менен белгилүү. Ошондой эле, Динара Кененсарова айылда «шайыр келин» наамына ээ.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4662
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×