Бөлүмдөр
Жума, 24-ноябрь
69.7    82.04    1.18    KZT 0.21
Баткен

«Жеңеке»: Баткендик 2-топтогу майып К.Маматова тигүүчүлүк өнөрү менен алектенип, 1-топтогу күйөөсүн багат (фото)

Turmush -  Аялзаты — эң ыйык эне, сүйүктүү жар, барынан кымбат кыз, сүйкүмдүү келин, күйүмдүү эже, сиңди жана карындаш. Алар жашоодогу эң чоң байлык. Мындай сыймыктуу атка жеңекелер дагы татыктуу.

«Жеңеке» долбоорунун кезектеги каарманы — Баткен районунун Кара-Бак айылынын 33 жаштагы тургуну Кундуз Маматова.

К.Маматова Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде билдиргендей, сүйгөн жары өзүнөн 7 жаш кичүү болгондугуна карабастан 8 ай мурун баш кошкон. Экөө телефон аркылуу таанышып калышкан.

IMG-20160201-WA0141

«Жалал-Абад шаарындагы карылар үйү тууралуу ар кимден сураштырып, билүү үчүн ошол жакта жашап жаткан Элмурат Гаипов деген баланын телефон номурун алып карылар үйү тууралуу сурап калдым. Телефондон сүйлөшкөндө эле жылдызыбыз келише түштү. Ошондон кийин телефон аркылуу 10 айдан ашык убакыт сүйлөшүп жүрдүк. Акыры баш кошууну чечип, үй-бүлө курдук», - дейт Кундуз.

Кундуз 2-топтогу майып болсо, Элмурат 1-топтогу майып. Ошентсе да алар чакан мамлекетин куруп, эл катары жашоосун улантып келет.

«Аялдарга тиешелүү бардык жумуштарды жасайм. Үй жыйнайм, кир жууйм, тандырга боюм жетпегендиктен печкага нан бышырам. Бирок алыс жерден суу ташый албайм. Жолдошум Элмурат да 1-топтогу майып болгондуктан дайыма үйдө отурат. Мен бош убактымда апамдан үйрөнгөн чеберчилигим менен алектенем. Көйнөк, кемсел жана белдемчилерди тигем. Өзүмдүн тигүүчү машинам жок. Алгач апамдыкын колдонуп жүрдүм. Апамдын көзү өткөн соң эч кимге керегим жок болуп калды. Мектептен билим алган эмесмин. Бирок тигүүчүлүк боюнча атайын курска баргам», - деди Кундуз.

Ал эми анын жолдошу Элмураттын айтымында, Кундуз кесме азыктарынан мыкты тамактарды даярдайт.

Учурда экөө Баткен шаарында жашайт.

IMG-20160201-WA0143 IMG-20160201-WA0147 IMG-20160201-WA0142

Элмурат менен Кундузга жардам берүүнү каалагандар үчүн 0 (555) 14 03 89 жана 0 (557) 82 10 22 номурлары менен байланышса болот.

Урматтуу окурман, Сиз жашаган аймактагы үлгүлүү келиндер, кадыр-барктуу жеңелер тууралуу айткыңыз келсе aimak.akipress@gmail.com электрондук дареги жана (0554) 65 60 25 номуру аркылуу Whats App менен байланышыңыз.
 
Каармандын:
 
- Аты-жөнү, жашы, жашаган жери толугу менен;
 
- үй-бүлөсү, балдары тууралуу;
 
- алектенген жумушу;
 
- каармандын үй-бүлөсү, балдары менен, жумуш учурунда тартылган сүрөттөрү (сөзсүз түрдө);
 
- сунушталган каармандын татыктуу деп эсептелген сапаттары тууралуу жазыңыз.
 
- ошондой эле каармандын көпчүлүк билген таланттары тууралуу (ырдоо, музыкалык аспаптарда ойноо, кол өнөрчүлүк, уз-чеберчилик ж.б.) кошумчаласаңыз болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 6324
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×