Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-февраль

При поддержке MegaCom

«Жеңеке»: Жалал-Абаддын келини А.Эдирова жасаган аш-лямфу менен палоону кайын журту тамшанып жешет (фото)

Turmush -  Аялзаты — эң ыйык эне, сүйүктүү жар, барынан кымбат кыз, сүйкүмдүү келин, күйүмдүү эже, сиңди жана карындаш. Алар жашоодогу эң чоң байлык. Мындай сыймыктуу атка жеңекелер дагы татыктуу.

«Жеңеке» долбоорунун кезектеги каарманы — Жалал-Абадга келин болгон ысык-көлдүк Айчолпон Эдирова.

А.Эдирова Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы менен болгон маегинде билдиргендей, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда төрөлүп, өскөн.

«Жогорку билимге ээ болгондон кийин Москва шаарына иштегени бардым. Ал жактан өмүрлүк жолдошума жолугуп, Жалал-Абадга келин болдум», - дейт ал.

Айчолпон алысты жакын кылып, тамак-ашты мыкты даярдап, үй тиричилигине тың болгон сапаты менен кайын журтунун өзгөчө сый-урматына ээ боло алды.

Жолдошу Элназар Жумабаев — аскер кызматкери.

Ал билдиргендей, ар дайым келинчегинин ысык чайын берип, балдарын татыктуу тарбиялап, кайын журтун өзгөчө сыйлагандыгына баа берет.

IMG-20160201-WA0072

Ал эми Айчолпондун кайын энесинин айтымында, келин болуп келген маалдан тартып үй-бүлөнүн шартына көнүп, салтка маани берип, билбегенин тартынбастан сурап, чыйрактыгы менен тез аралашып кетти.

«Биз башында алардын үйлөнүшүнө каршы болгонбуз. Себеби ортодогу жолдун алыстыгы бир болсо, экинчи жагынан көлдүк кыз бизге көнөбү деп чочуладык. Азыр болсо ушундай ыймандуу келинге туш болгонума миң мертебе шүгүр кылам. Уулум ишинен келгенде, ар дайым жаркылдап тосуп алганын көрүп ыраазы болом», - деди кайын энеси.

Ал эми кудалар бири-бири менен катташып турушат. Жала-Абаддык кудалар келгенде Ысык-Көлгө суктанышса, көлдүк кудалар Жала-Абаддын Арстанбап токоюнун кооздугуна баа берип, ыраазы болушат.

IMG-20160201-WA0073

Айчолпон ашканада мыкты айым. Ал учурда жергиликтүү кафелердин биринде ашпозчу болуп иштейт. Үй тиричилигине жана ишине да жетише билген Айчолпон тамактын түрүн даамдуу жасайт.

Анын кайын журту ал жасаган ашлям-фу менен палоону тамшанып жешет.

IMG-20160201-WA0070

 

 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2908
Комментарии
Обсуждения закрыты
Эң кызыктуу
×