Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-сентябрь
68.43    81.71    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Ысык-Көл

«Жеңеке»: Ак-Суунун Кереге-Таш айылынын келини М.Бакирдинова жолдошу чет жерде иштесе да айылда жашап жатканы үчүн бактылуу (фото)

Turmush -  Аялзаты — эң ыйык эне, сүйүктүү жар, барынан кымбат кыз, сүйкүмдүү келин, күйүмдүү эже, сиңди жана карындаш. Алар жашоодогу эң чоң байлык. Мындай сыймыктуу атка жеңекелер дагы татыктуу.

Turmush басылмасы «Жеңеке» долбоору аркылуу Кыргызстандын алыскы жана жакынкы аймактарындагы аялзатынын үй-бүлөсүнө, балдарына, туугандарына болгон камкордугу тууралуу баяндап, алардын турмуштун түйшүгүнө баш ийбеген эркин даңазалоону көздөйт.

«Жеңеке» долбоорунун кезектеги каарманы — Ысык-Көл облусунун жашоочусу Мээрим Бакирдинова.

«Жолдошум чет жакта иштесе да мен айылда калууну туура көрдүм», - дейт ал.

Теңир-Тоонун кызы М.Бакирдинова көлдүк жигитке турмушка чыгып, учурда 2 баланын энеси. Жогорку билим алып, экономист кесибине ээ болгону менен турмуш курганы кесиби боюнча иштеген эмес. Мээрим Ак-Суу районунун Кереге-Таш айылына келин болгон. Жолдошу Айбек жүк ташуучу унаасы менен кеминде 6 айга узак жолго чыгат.

Мээрим келиндик милдеттерин так аткарып, кайын-журтунда сый-урматка ээ. Ал мектепте окуп жүргөндө сүрөттөн Ысык-Көлдү көрүп суктанып, келечекте көл өрөөнүнө келин болууну кыялдангандыгын айтат. Азыркы тапта өз кесиби менен иштебегенине өкүнбөйт. Анын айтымында, аялзаты үчүн эң негизги милдет үй-бүлөнү бекемдеп, балдарына татыктуу тарбия берүү болуп саналат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 5092
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу