Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-февраль

При поддержке MegaCom

«Жеңеке»: Ысык-Көлдүн кызы А.Жумалиева ырлары аркылуу жолдошуна болгон таарынычын жана сүйүүсүн билдирет (фото)

Turmush -  Аялзаты — эң ыйык эне, сүйүктүү жар, барынан кымбат кыз, сүйкүмдүү келин, күйүмдүү эже, сиңди жана карындаш. Алар жашоодогу эң чоң байлык. Мындай сыймыктуу атка жеңекелер дагы татыктуу.

Turmush басылмасы «Жеңеке» долбоору аркылуу Кыргызстандын алыскы жана жакынкы аймактарындагы аялзатынын үй-бүлөсүнө, балдарына, туугандарына болгон камкордугу тууралуу баяндап, алардын турмуштун түйшүгүнө баш ийбеген эркин даңазалоону көздөйт.

«Жеңеке» долбоорунун кезектеги каарманы — Ысык-Көл облусунун жашоочусу Асел Жумалиева.

IMG-20160127-WA0002

Ак халат кийген өмүр сакчысы калем кармап ыр да жазат. А.Жумалиева 1986-жылы Нарын облусунда жарык дүйнөгө келген. Атайын окуу жайда окуп, мээрман айым адистигине ээ болгон соң Таластын кулуну Шамил Бокоевге турмушка чыккан. Алар үч балалуу болуп, балдарынын арасында эгиз уул-кызы бар.

IMG-20160127-WA0007

IMG-20160127-WA0004

Жолдошу ишкерлик менен алектенсе, Асел облустук ооруканада мээрман айым болуп эмгектенип келет. Жубайлар бактылуу экенин жашырышпайт. Жолдошу адам өмүрүн сактоого аракеттенген Аселдин ишин баалап, анын чыгармачылыгына колдоо көрсөтөт.

IMG-20160127-WA0003

Асел ырларды жазуу менен айрым учурда жолдошуна болгон таарынычын, сүйүүсүн билдирерин айтат.

IMG-20160127-WA0000

IMG-20160127-WA0001

А.Жумалиева келечекте ырлар жыйнагын чыгарууну пландап жатат.

Төмөндө анын калемине таандык ыр саптарынан үзүндү.

Кел, каниет кылабыз

Толкуп ташып, бул жашоодо ыйлайбыз,

Уруш-талаштан эмне пайда табабыз?

Андан көрө бербегенге жутунбай,

Колдо барга, кел каниет кылабыз.

Сыноосуна жараткандын сынабыз.

Баш көтөрүп бирде жеңип чыгабыз.

Алпурушуп оору менен турсак да,

Жаратканга, кел, каниет кылабыз.

Байлык издеп арам ишке барабыз.

Бакыт издеп бөөдө курман чалабыз.

Ошол байлык түркүк болбойт өмүргө,

Барга-жокко, кел каниет кылабыз.

Колдо болсо көктү карап калабыз

Башкаларды теңсинбеген адамбыз.

Адам атын бийик тутуп турмушта,

Андан көрө, кел Аллага каниет кылабыз.

Аппак жолдон кээде тайып турабыз,

Теңир берген жакшылыктан калабыз.

Барга көппөй, жокко чөкпөй, замандаш

Жашообузга, кел каниет кылабыз.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2824
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Эң кызыктуу
Учурда окулуп жатат
×